Кочкор районундагы Төлөк айылында пандемия учурунда айыл элинин демилгеси менен жардамдар көрсөтүлдү.
Калктын саламаттыгын сактоо максатында айылга блокпост коюлган
Айыл өкмөттүн бюджетинен айылдагы медицина кызматкерлери үчүн атайын костюмдар алынып келинди
Ун жана суу май айылыбызга райондун баасы менен ташылып жатты
Айылдын 1973-жылы туулган агалары күндүзгү дарылануучу жайга керебеттерди жана тумбочкаларды жасатып келишти
Жанышбек Жумалиев айыл тургундары үчүн жылкы союп этин 25 үй бүлөгө таратып берди
Айыл тургундары Төлөбалды Өзүбеков, Мелис Баслакунов, Акыл Бейшенакун уулу азык-түлүк жагынан жардам берди
23 үй бүлөгө Калыкбек Султанов чакан азык-түлүгүн берди
Кочкор районунун ошол убактагы акими Темирболот Абыкеев жана Калыкбек Султанов айыл эли үчүн дем алдыруучу эки аппарат алып беришти
Айылдын 1983-жылы туулган агалары күндүзгү дарылануучу бөлүмдүн керебеттерине матрастарды, жаздыктарды алып келишти
Доктур Кемеловдун, Света Алышпаеванын үй бүлөсү айыл элине чакан азык-түлүк таратышты
Алмаз Смановдун үй бүлөсү мед.айымдарга атайын костюм алып келип берди
Мундуз Бейшеев үй бүлөсүнүн атынан топоз союп 10кг дан 22 үй бүлөгө таратты
Жекшенбек Орозакунов жана Алыйбүбү Алтымышова үй бүлөсүнүн атынан айыл элине чакан азык-түлүк таратты
1984-жылы туулган айылдын улан-кыздары ФАПка деп дары-дармек алып келип беришти
МЧСтин техникасын хлор май менен камсыздап айылды зыянсыздандыруу иши болду
Качкынбүбү Асангазиева 30 үй бүлөгө чакан азык-түлүк таратты
Замир Чекирбаев, Кабыл Мамбетказиев, Азизбек Жумакадыров, Майрамбек Маатов айыл элине деп антисептик жана маска алып келип бекер таратышты
Тема боюнча окуңуз: Баткенге кайрымдуулук үчүн которулган жардам дарегине жетти
Бурул Майрамбек кызы