Дээрлик 1 жылга жакын убакыт студенттер жана окуучулар аралыктан окуу аркылуу билим алышты.Мындай кырдаал окуу процессинин жүрүшүнө тоскоол жаратты.Бирок учурдагы кырдаалга карабай көптөгөн ийгиликтерди багындырган окуучуларыбыз да жок эмес. Биз ал окуучулардын бири менен маек куруп, сөзгө тарттык.
2020-2021-окуу жылында Кочкор району боюнча 3 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Алардын бири Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин бүтүрүчүүсү Айдана Төлөбек кызы. Ал жеке эле «Алтын тамга» аттестатынын ээси гана болбостон, быйылкы окуу жылында химия сабагы боюнча Республикалык олимпиадада 1-орунду багындырды. Айдана бул ийгиликке талыкпаган эмгектин арты менен жеткенин айтты. Сиздерге Айдана менен болгон маекти сунуштайбыз.
-Айдана, саламатсыңбы?
-Саламатчылык.
-Ийгиликтериң кут болсун! Куттуктайм.
-Чоң рахмат.
-Ойлайн окуу режими сага кандай таасирин тийгизди?
-Онлайн окуунун оң жана терс жактары бар экен. Оң жактары убактыңдын көп болушу.Адабий чыгармаларды көп окудум, олимпиадага жана «Алтын тамга» аттестатын алуу үчүн сынакка даярданууга убактым кенен болду. Ал эми терс жагы мугалим түшүндүргөндөй терең түшүнө албайт экенсиң. Телефон аркылуу түшүнбөгөн суроолорумду мугалимдерден сурап жаттым.
-«Алтын тамга» аттестатын алуу үчүн кайсы сабактардан сынак бердиң жана кандай бааларды алдың?
-Математика, кыргыз тили, химия жана Кыргызстандын тарыхы сабактарынан сынак тапшырдым. Жыйынтыгында математикадан 80%-5, кыргыз тилинен 85%-5, химиядан 90%-5, Кыргызстандын тарыхынан 98%-5 деген бааларды алып, жалпы упай 134 болду.
-Ушул ийгиликтерге жетишиңе кимдердин салымы көбүрөөк деп эсептейсиң?
-Эң биринчи ата-энемдин салымы көп, алар мага убакыт берип даярданганга шарт түзүп беришти. Керектүү кошумча китептерди сатып беришти, ар тараптан колдоо көрсөтүп турушту. Экинчиден, албетте, агай-эжейлеримдин салымы абдан чоң. Өзгөчө химия мугалими Нурила Турганбаева эжейдин эмгеги зор. Учурдан пайдаланып мени окуткан агай-эжейлериме ыраазычылыгымды билдирип кетким келет?
-Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?
-Келечекте дарыгер болгум келет. Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясына тапшырсам деген оюм бар. Учурда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын күтүп жатам.
-Айдана, маегиңе рахмат, мындан аркы да ийгиликтерди каалайбыз.
Ушул эле мектептин 10-классынын бүтүрүүчүсү Айтолкун Темирбек кызы быйылкы окуу жылында Республикалык олимпиадада химия сабагынан 3-орунду багындырды. Ал өзүнүн ийгиликтери менен төмөнкүчө бөлүштү.
«Мен- Айтолкун Темирбек кызы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин 10-классынын бүтүрүүчүсүмүн. Мектепти бүтөөрүмө бир эле жыл калды, ошондуктан келечекте Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алыш үчүн убактымды текке кетирбей даярданып жатам. Ал эми 10-класстагы жетишкен ийгиликтерим жөнүндө айта кетсем химия сабагы боюнча Республикалык олимпиадада 3-орунду багындырдым. Андан тышкары англис тилине кызыгам, курстарга барып кошумча окуп турам. Карантин учурунда көп тоскоолдуктар болду, телесабактардын кээ бирин түшүнсөм, кээ бирин түшүнбөй калып жаттым. Мугалимдин түшүндүргөнүнө жетпейт экен.Оффлайн окуйбуз дегенди укканда абдан кубандым. Бир да күн сабактан калбай барып жаттым. Ар бир ийгиликке талыкпаган эмгек менен гана жетүүгө болот. Келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерге жетип, мектептин атын чыгаргым келет».
Бакыт Кожокматов