Урматбек Дүйшөбек уулу 5 жылдан бери Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын мал дарыгери болуп дарыгери болуп эмгектенет.
Айылдагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебин аяктаган соң, 2012-2016-жылдары С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде билим алып, ветеринар адистигине ээ болгон.
Өзүнүн айтымында кичинесинен малга жакын чоңойгону мал дарыгерлик кесипти тандап алуусуна себеп болгонун айтты.
«Бул кесипти тандап алганымдын эки себеби бар. Биринчиси, кичине кезимде ата-энем мал баккандыктан улам малга жакын чоңоюп, кызыгуум арткан. Экинчиден атамдын «Мал дарыгер кылабыз» деп айта бергени дагы себеп болду. Биздин тармак көп кырдуу. Жугуштуу ооруларды, жугушсуз ооруларды дарылайбыз.
Тууй албай жаткан малдарды операция аркылуу төлдөтүү, буту сынгандарга шак-шак коюу, жаз-күз эмдөө иштерин жүргүзүү, эркек малдарды бычуу сыяктуу иштерди аткарабыз. Күлүк таптагандар күлүгүнө витаминдерди тамчылаттырышат», — деди ал.
Каарманыбыз өз алдынча тууй албаган бардык жаныбарларга операция жасоого болот дейт.
«Жаныбарлар өз алдынча тууй албаса, операция жасалат. Жада калса ит, мышык дагы операция болот. Алгач операция жасай турчу жерди абдан жакшы тазалайбыз. Коопсуздук үчүн малдын туяктарын, башын байлайбыз. Андан соң, кадимкидей эле наркоз беребиз. Операция жасай турчу жеринин жүндөрүн кыркып, кырып, тазалайбыз. Негизи оң жагынан жасаган жакшы. Адамга операция кылгандай эле жасайбыз. Бардык жабдыктарыбыз бар. Ал жабдыктарды дагы бир жарым саат сууга кайнатабыз.
Анткени, операция учурунда ички органдарына микробдор кирип кетиши мүмкүн. Операциядан соң, антибиотиктерди колдонобуз. Абалы начар малдарга кадимкидей эле капельница коёбуз. Операциянын көп эле түрүн жасадык. Малы ооруп чакыргандарга колдон келишинче тез барууга аракет кылабыз», — деди мал дарыгер.
Иш үстүндө көп эле кызыктуу окуялар болот деген каарманыбыз мал ээлери менен эч кандай пикир келишпстиктер болбогонун айтты.
«Кудай сактасын. Мал ээлери менен пикир келишпестиктер, нааразычылыктар болгон жок. «Малымды өлтүрүп салдың, жакшы дарылаган жоксуң» деп терс пикирлерин деле айтышпайт. Ар бир жасаган ишибиздин эмгек акысын алабыз. Бирок акчага карап эмес, малы өлүп калбасын деп иш алып барабыз. Барам, малдын оорусун көрөм. Баасын сүйлөшөбүз. Мал ээси менен бир сөзгө келише албай калсак, кайра кетип кала албайм. Өз ишимди аткарам. Башкасын билбейм. Мал ооруп жатса, чыдап тура албайм», — деди Урматбек мырза.
Кесибин сүйгөн каарманыбыз жумуштан сырткары улуттук ат оюндарына кызыгып, көк бөрүгө түшөрүн айтты.
«Өзүм улуттук ат оюндарына абдан кызыгам. Айылда дайыма көк бөрү боюнча мелдештер өтөт. Мелдешке катышып, улак тартып калам. Ошондой эле саяпкерликке кызыгуум күч. Тулпар, күлүк аттарга абдан жакынмын деген Урматбек эмгеги бааланып, айыл өкмөттүн жана райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын ардак грамотасын алганын кошумчалады.
Тема боюнча окуңуз: Шарп ылаңын дарылоо жана алдын-алуу жолдору
Барчын Мамытбекова