Пандемияга байланыштуу акыркы эки жылдан бери атайын орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик экзамендер чейректин жыйынтыгы менен коюлуп келет.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинде да мамлекеттик экзамендер бүттү. Учурда 9 — класстардын жана 11 — класстардын күбөлүк, аттестациялары жазылып жаткан учуру. Аталган мектепте мамлекеттик экзамендердин пандемияга карата кандай өткөнү жана мурунку абал менен мугалимдер менен окуучулар салыштырып өтүштү.
Атайын буйруктун негизинде 2 – июндан 9 – июнга чейин мамлекеттик экзамендин графиктери коюлган. 9 – 11 класстар үчүн. 2 жылдан бери мамлекеттик экзамендерди чейректин негизинде коюп жатабыз. Жыл ичинде чейрек үчүн жазылган жазуу, текшерүү иштери каралып, чейректик баалары каралып коюлат. Мектепке мугалимдерди чогултпоо үчүн бир экзаминаторго бир ассистент коюлду. Пандемияга байланыштуу талаптарды аткаруу менен мамлекеттик экзамендерди аяктадык – окуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Балтабаева.
Аталган мектептин бүтүрүүчү класстын класс жетекчиси, кыргыз тили жана адабият мугалими Тоюнкүл Ашыралиева төмөндөгүлөргө токтолду:
«Жалпысынан 42 окуучу аяктап жатат. 2 жылдан бери экзамендер чейректин жыйынтыгы менен өтүп жаткандыктан айырма өтө чоң экен. Мында бүтүрүүчүлөрдү, окуучулардын экзаменге болгон даярдык, экзаменге чейинки болгон жоопкерчиликтерин сезбей калышаты. Бул болсо баланын билимине тескери таасирин тийгизип жатат.
Мисалы, 9 – класстар экзамен эмне экенин билбей эле 10 – класска көчүп кетип жатышат. Экзамен берсе даярданып, окуп алышчу. Экзаменден көп нерсени билип алышат. Тарых, география сабактарынан өздөрүнүн ой жүгүртүүсүн бышыктап, өзүн баалап калышчу. Мугалимдерда окуучуларга берген билим сапатын жыйынтыктап алышчу. Жалпысынан окуучуларга коюлган жоопкерчилик алынып калды».
Бүтүрүүчү класстын окуучусу Эркинай Барыктабасова төмөндөгүлөргө токтолду:
«Ачыгын айтканда эч кандай деле даярданып, сарсанаа деле болгон жокпуз. Ал эми мындан эки жыл мурун 9-классты аяктап жатканда тапшырганбыз. Анда биз аябай даярданып, күндө консультацияга барып, экзамен болчу күндү күтүп, экзамен учурунда бири бирибизге жардам берип эже агайларга билгизбей, кээ учурда билеттерди айрып, шпаргалка жасаган учурларыбыз дагы болгон. Абдан коркуп эки алып калсам эмне болом деп. Ошол кезде урушуп талашкан классташтар, абдан ынтымактуу болуп калганбыз.
Негизи экзамен учуру өзүнө жакшы окуяларды камтыйт. Андан сырткары да сабактан даярданып, китеп окуп, окуубузга да пайдасы бар болчу. Биз күбөлүктү жөн эле эмес, атайын окуп даярданып экзамен тапшырып анан алдык. Эң өкүнүчтүүсү быйыл андай болгон жок. Кээ бир окуучулар экзамен тапшырып жатканыбыз жөнүндө деле кабары жок. Негизи эле баары кайра калыбына келсе дейм, онлайн окуу, онлайн экзамен баарыбир мектепке барып окуп, мектепке барып тапшырганга жетпейт экен».
Пандемия учурунда жаштардын билим алуусу кандай?
Айзат Түмөнбаева