Ак-Талаа районундагы ооруканада COVID-19 илдети менен 2, ал эми пневмония илдети менен жабыркаган 4 бейтап дарыланууда.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулованын маалыматына караганда райондо абал туруктуу.
“Коронавирус илдетине тиешелүү эки айлык мөөнөткө жеткидей дары-дармектердин запасы жана 21300 даана СИЗ(коргонуучу каражат) бар. Райондун борборунда 5, ал эми алыскы Кош-Дөбө айылында бир дарыкана бар. Дарыканаларда беткап, антисептик, жугушсуздандыруучу каражаттар жетиштүү. Мындан сырткары, кызыл зонада 8 койка COVID-19, ал эми 16 койка пневмония менен жабыркагандар үчүн даярдалган. Жергиликтүү бийлик колдон келген аракетти көрүп жатабыз. Бирок ден-соолук өзүбүзгө керек. Андыктан санитардык эрежелерди так сактообуз зарыл”,- дейт.
Райондо абалды туруктуу бойдон сактап туруу жана илдеттин жайылып кетишин алдын алуу үчүн калк арасында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия жумасына эки ирет күндүз 15.00дөн 18.00 гө чейин коомдук жайларды, базар, соода түйүндөрүн, ал эми мечит, ресторан, кафелерди кечки убакта кыдырып, алдын- алуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Ооруну алдын алуу үчүн иммунитетти чыңдоо керек
Барчын Мамытбекова