Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну, депутат Мыскал Байгазиева көптөгөн долбоорлор менен иштешип келет. 2002-2003-жылдары жаштарга колдоо көрсөтүү максатында долбоор жазып, Оттук айылында алгач “Маалымат борбору” ачылган. Борборго долбоордун алкагында 3 компьютер, фотоаппарат, видеокамера, принтерлер алынып келинген. Кийинчерээк балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында борбор эки миңден ашуун китептер менен толукталган.
“2006-жылдан тартып, атайын мамлекет тарабынан штат ачылып, китепканачы иштей баштаган. Мындай чакан китепканада айыл тургундары үчүн көркөм адабияттар, кыргыз, орус, англис тилинде китептер, жомоктор, чарба иштерине пайдалуу кеңештер жазылган брошюралар бар эле. Кийинчерээк мамлекет тарабынан жана Ага-Хан фондусунан ар түрдүү багыттагы китептер келе баштады. Жылдан жылга окурмандардын саны көбөйүп, китепканага кезек күтүп турган окурмандарды көрүүгө мүмкүн болуп калган. Анан китепкананы чоңойтуу боюнча ойлоно баштадык.
Ар тараптуу заманбап китепкана куруу боюнча долбоорлорду жазууга кириштик. Атайын жаңы китепкана үчүн айыл өкмөттөн Оттук айылынын борборунан жер бөлүнүп берилип, 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларынан баштап китепкана салына баштады. Замандын өнүгүшүү менен санариптештирүү китепканага да жетти десек жаңылышпайбыз.
Башкача айтканда, китепти барактап окубастан, адамдар телефон, планшет, компьютердин жардамы менен да электрондук түрдө окуй алышат. Учурдун талабына ылайык китепкана да заманбап болуусу керек. Курулуп жаткан китепканада төрт зал пландалган: окуу залы, электрондук китепкана залы, китептерди сактоочу жай жана стеллаж залы. Буюрса, күз айлары менен китепкана ишке киришет”,- дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Мыскал Байгазиева.
Акылай Алмазбекова