Дөбөлү айыл өкмөтүнүн китепканасы- айыл тургундарынын, окуучулардын сүйүктүү жайы.
-Саламатсызбы , өзүңүз жөнүндө тааныштырып кетсеңиз
Саламатчылык! Менин атым Сатарова Тынара. 1978-жылы 16-августта төрөлгөм. Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын Чыңгыз Айтматов атындагы китепканасынын башчысы болуп иштейм.
-Эмне үчүн китепканачы болууну чечтиңиз?
Чынын айтсам, башында китепканачы болом деген оюм болгон эмес. Бирок турмуш шартка байланыштуу бул ишке келип калдым.Азыр болсо бул кесип мага абдан жагат. Китепканада 8 жылдан бери иштеп келе жатам жана окурмандар менен иштөө мага ырахат тартуулайт.


-Китепканачы кесибинин эң кызыктуу жери кайсы?
Кесибимдин эң кызыктуу жери -окурмандар менен тыгыз иштөө.Аларга керектүү китептерди таап берүү, ар кандай маданий жана билим берүү иш-чараларын өткөрүү мен үчүн өзүнчө ырахат.



-Бош убактыңызда кандай китептерди окуйсуз жана жаккан авторлоруңуз?
Бош убактымда мүмкүн болушунча көп китеп окуганга аракет кылам.Кичинемде детектив жанрындагы чыгармаларды көп окучумун, азыр болсо кыргыз адабиятынын китептерине көңүл бурам. Жаккан авторлор Ч.Айтматов, Т. Касымбеков, М.Элебаев-булар кыргыз адабиятынын сыймыктуу өкүлдөрү.


-Айыл тургундары тарабынан айына канча китеп окулат?
Жалпы китепканада орточо эсеп менен 300гө жакын китеп окулат. Китепти эки, үч күндө эле окуп бүткөрүп алып келип берген окурмандар бар. Жылдан жылга айылыбызда китеп окууга кызыккан тургундар көбөйүүдө деп айтсам жаңылышпайм.

-Эстен кеткис окурмандарыңыз барбы?
Менин эстен кеткис окурманым-азыркы 5-класстагы Нурислам. Ал кичинекей кезинен бери китептерге абдан кызыгып окучу. Бир күнү келип: «Эже мен кайсы китепти окуйм, китептин баарын эле окуп бүтүп койдум окшойт» -дегенде мен абдан кубангам. Ошондон бери ал бала менин эсимде эң өзгөчө окурман болуп калды.

Кайсы окурман менен болгон окуя сизге эң таасирдүү болду?
Китепкана жаңы оңдолуп бүткөндө жаан жаап жаткан күн болчу. Биздин айылдык мектепте иштеп ардактуу эс алууга чыккан мугалим Сопуева Сайракан эжебиз жаандан суу болуп, ичкери кирип келе жатып, бут кийимин сыртка чечип кирген. Ал эженин китепканага болгон сый урматы мени абдан таасирленткен.
Балдар менен чоңдордун китеп окууга болгон мамилеси кандайча айырмаланат?
Балдар үчүн китеп окуу -бул фантазия дүйнөсүнө саякат, алар көбүнчө сүрөттөрүнө кызыгып окушат. Чоңдор болсо бош убактысында кызыккан жанрлар боюнча детектив, роман, повесть, аңгеме, драма, тарыхий роман, поэзия ж.б. же мотивациялык ишине байланыштуу окушат.
-Эң көп кайталанылып окулган китеп кайсы?
Мурда китепканада эң көп окулган китептер -энциклопедиялар болчу. Азыркы учурда «Чоочун киши» чыгармасынын 1,2,3- томдору көп окулат.
-Китепканада кызыктуу же күтүлбөгөн окуялар көп болобу? Бирөөсүн айтып берсеңиз
Мен китепканада иштегениме 6 жыл болду. Жаңы келгенде мурдагы китепканачыдан эл алып кеткен китептер кайтарылбай калган экен. Ошондо ар бир үйдү кыдырып китептерди чогулткам. Көпчүлүк биз бергенбиз деп бербей коюшкан, бирок бир эже кийин «Үйдө жатыптыр» деп энциклопедия алып келип берген. Бул мен үчүн күтүлбөгөн окуя болгон.

-Канча жаштан канча жашка чейинки окурмандар келип окушат жана китепкана айыл эли үчүн кандай кызмат кылып жатат деп ойлойсуз?
Китепканага 8 -70 жашка чейинки окурмандар келип окушат. Жаш балдар үчүн аң сезимин жогорулатуучу, көркөм дүйнөгө сүңгүп кирип ой-жүгүртүүлөрү кеңейип , өнүгүп өсүп жатышат. Ал эми чоңдор үчүн да жан дүйнө азыгы. Анын үсттүнө биздин китептер жылыга жаңырып жатат . Китепканага көптөгөн жаңы китептер келип турат.

Китепкана- бул билимдин, маданияттын жана өнүгүүнүн ачкычы деп айта алам. Ал эл үчүн билим булагы, маданий борбор жана коомдун жүрөгү. Бул жөн гана ктеп сактоочу жай эмес, коом үчүн билим жана маданияттын булагы десем да жаңылышпайм.


Даярдаган: Айпери Курманбаева