Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын районундагы жумушчу сапарынын алкагында Дөбөлү айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Жолугушууга Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Алыш, Кеңеш, Дөбөлү, Таш-Башат, Кайыңды, Эки-Нарын жана Тамды-Суу айылдарынын тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нурбек Сатаров аймакта ишке ашырылып жаткан долбоорлор, мамлекеттик программалар жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берип, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берди. Ошондой эле көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте каралып, чечүү жолдору иштелип чыгарын белгиледи.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде уюштурулуп, элдин үнүн угуу жана көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө багытталган.

Жыйындын соңунда тургундар аймакты өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштарын айтып, инфраструктура, социалдык кызматтар жана жергиликтүү маселелер боюнча пикир алышты. Уюштуруучулардын айтымында, мындай жолугушуулар бийлик менен элдин ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Индира Мөндүрбаева