Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары «Я — Чемпион» аттуу облустук спорттук мелдеште ийгиликтүү катышып, мектептин жана айылдын намысын татыктуу коргошту. Жаш спортчулар өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүп, бир нече байгелүү орундарды багындырышты.
Мелдештин жыйынтыгында мектептин окуучусу Арсланбекова Аяна 4×100 метр аралыктагы аралаш эстафеталык жарышта II орунду, ал эми 400 метр аралыкка чуркоодо III орунду ээледи. Аяна жарыштын жүрүшүндө жогорку ылдамдыкты, чыдамкайлыкты жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн жана калыстардын алкышына татыды.

Ошондой эле мектептин дагы бир таланттуу спортчусу Токонаев Актан 4×100 метрлик эстафеталык жарышта I орунду багындырып, командасынын жеңишке жетишине чоң салым кошту. Мындан тышкары ал 400 метр аралыкка чуркоодо III орунду камсыздап, өзүнүн мыкты спорттук даярдыгын дагы бир жолу далилдеди.

Бул жетишкендиктер окуучулардын спортко болгон кызыгуусунун, үзгүлтүксүз машыгууларынын жана мугалимдин талыкпас эмгегинин натыйжасы болуп саналат.
Белгилей кетүүчү жагдай, Тасма мектебинин спортчулары буга чейин дагы райондук жана облустук деңгээлдеги көптөгөн мелдештерде байгелүү орундарды багындырып, мектептин спорттук аброюн көтөрүп келишет. Бүгүнкү ийгилик дагы ошол үзүрлүү эмгектин уландысы болуп калды.
Жаш спортчулардын ийгилиги тууралуу алардын устаты, дене тарбия мугалими Кеңешбеков Кылыч Кеңешбекович менен маектештик.
– Кылыч агай, облустук мелдештеги окуучуларыңыздын ийгилиги тууралуу эмне айта аласыз?
— Ар бир окуучумдун жетишкендиги мен үчүн чоң сыймык. «Я — Чемпион» сыяктуу деңгээли жогору облустук мелдеште байгелүү орундарды алуу — чоң эмгектин жыйынтыгы. Балдарыбыз ар бир машыгууга жоопкерчилик менен мамиле жасап, алдына коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн көп аракет кылышты. Бүгүн ошол эмгек өз жемишин берип жатат.
– Спортчулардын ийгилигинин негизги сыры эмнеде деп ойлойсуз?
— Ийгиликтин башкы сыры эмгек, тартип жана өзүнө болгон ишеним. Спортто жеңишке жетиш үчүн күн сайын изденүү керек. Биздин окуучулар машыгуу учурунда өздөрүнүн мүнөзүн, чыдамкайлыгын жана жеңишке болгон эркин көрсөтө алышты. Алардын ар бири келечекте дагы чоң ийгиликтерди жаратаарына ишенем.
– Арсланбекова Аяна менен Токонаев Актандын көрсөткүчтөрүнө кандай баа бересиз?
— Экөө тең абдан аракетчил окуучулар. Аяна эстафетада дагы, 400 метрлик жарышта дагы өз мүмкүнчүлүгүн толук көрсөттү. Ал эми Актан 4×100 метрлик эстафетада чемпион аталып, команданын жеңишине чоң салым кошту. Алардын ийгилиги башка окуучулар үчүн дагы жакшы үлгү болуп берет деп ойлойм.
– Алдыдагы максаттарыңыз кандай?
— Биз мындан ары дагы машыгууларды күчөтүп, жаңы мелдештерге даярданабыз. Максатыбыз облустук деңгээл менен чектелбестен, республикалык мелдештерде дагы ийгиликтерди жаратуу. Биздин мектепте келечектүү спортчулар көп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз.
Даярдаган; Адилия Акунова