Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы Турусбек атындагы орто мектепте салтка айланган «Күз периси» майрамы болуп өттү. Иш-чарага мектептин окуучулары, мугалимдери жана ата-энелер жигердүү катышты.

Майрамдык кечеде окуучулар күз темасына арналган ырларды айтып, бийлерди аткарып, өз колдорунан жасаган көркөм буюмдарын жана күзгү жемиштерден түзүлгөн композицияларын тартуулашты. Атайын уюштурулган сынактар жана оюн-зоок программалары катышуучулардын көңүлүн көтөрдү.

“Күз периси” аттуу чыгармачыл иш-чара өзгөчө шаң менен өттү. Иш-чарага жогорку класстын окуучулары активдүү катышып, күз мезгилин даңазалаган ыр, бий, сахналык көрүнүштөр жана костюмдар аркылуу өз таланты менен айырмаланды.

Сынактын жыйынтыгында:
🥇 1-орун — 10 «Б» классынын окуучусу Бабанова Айбийке жеңип чыкты.
Ал өзүнүн сахнадагы ишенимдүү жүрүшү, кыргыз кийими менен чыгышы жана күз темасына ылайык образ менен калыстардын көңүлүн бурду.
🥈 2-орун — 9 «А» классынын окуучусу Турарова Медина ээ болду.
Ал өзүнүн жарашыктуу күзгү образы жана сахнадагы аракеттери менен калыстардын жана көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды.
🥉 3-орун — 10 «А» классынын окуучусу Асанова Элина ээ болду.
Элина өзүнүн өзгөчө чыгармачылык менен даярдаган образы, сахнадагы ишенимдүү жүрүшү жана көрүүчүлөр менен болгон жылуу байланыш аркылуу жогорку упай топтоп, байгелүү орунга жетишти.
🥉 4-орун — 8 «А» классынын окуучусу Зарлыкова Айгеримге ыйгарылды. Айгеримдин өзгөчө таланты окуучулар тарабынан жогору бааланды. Айгерим өзүнүн чыгармачылыгы, сахна маданияты жана жигердүүлүгү менен калыстар тобунун көңүлүн буруп, мыкты катышуучулардын катарын толуктады.

Иш-чаранын негизги максаты — балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды жана табиятка болгон сүйүүнү тарбиялоо болду. Мектеп жамааты мындай иш-чаралар окуучулардын талантын ачып, достук мамилени бекемдөөгө өбөлгө болорун белгилешти.
Даярдагандар: Айданек Жусупбекова,Азема Кудуева.