Кыргыз -тажик чек арасында болгон жаңжалда жабыр тарткан мекендештерге, Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылынын жалпы эли акчалай жана кийим- кече, тамак- аш сыяктуу жардамдарын жеткирип берүүгө Лейлекке жол тартышты. Кайдыгер карабаган айыл элинин ынтымагы менен чогулган жардамды жеткирүү үчүн 3 машине менен ыктыярчылар жолго чыгышты. Жаңы-Жер айылынын Москва шаарында иштеген жаштарынын атынан дагы акчалай которуулар болгон.
Жаңжал башталгандан тарта Жаңы-Жер айыл эли тынчсызданып тез арада мекендештерге жардам кылуу үчүн каражат чогултууну вотсап группалары аркылуу бөлүшө башташты. Мекендештерибиз оор абалда турганда айылда ар улуттун өкүлдөрү жашасак дагы биримдикте, ынтымакта топтогон элдин салымы сүйүндүрөт.
Айылдаштар окуя болгон жерге барып, ал-абалын сурап келүү максатында аксакалдардан бата алып жолго чыгышты. Алардын айтуусунда унааларды жолдон токтотуп алып акча берген адамдар дагы болду дешет. Лейлектеги жабыр тарткан «Арка», «Максат», «60-Жылдык» айылынын жашоочуларына айыл элинин аманатын жеткирген айылдаштарга айыл эли ыраазы.
Адинай Керимова: “Чек-ара чырынан кийин жаштарда жоопкерчилик дагы күчөдү”
Турсун Омуралиева