Ачык-коомчулук, ачык маалымат каражаттары долбоору сөз эркиндигин жана өз пикирин билдирүүнү илгерилетүү аркылуу адам укуктарын коргоону көздөйт. Учурда республика боюнча 3 аймакты тандап алышып андагы аялуу топтун актуалдуу маселелерин аныкташкан.
Бир жыл ичинде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көпчүлүк адистерди таң калтырган. Долбоордун эксперти Алмаз Исманов төмөндөгүдөй ой-пикирин айтат:
“Бардык аймактарда миграция маселеси аталып өткөнү таң калтырды. Себеби, биз бул маселе көбүнчө түштүк тарапта деп ойлоп келген болсок, Нарын, Талас, Ысык-Көлдө деле бул бар экен. Анан дагы экология маселеси. Муну дагы биз Бишкекте гана көйгөй деп билсек, аймактарда деле мындай маселелер жаралат. Болгону аларда кичине башкачарак өңүттө. Айрым жерлерде жол көйгөйү, таза суу кээ бирлеринде болсо бак-дарак жетишсиз, эс алуу сейил бактары жок. Алар болгон болсо дагы туура кам көрүлгөн эмес, жакшы шарттары жок.”
Долбоордун максаттарынын бири жергиликтүү эл менен массалык маалымат каражаттарынын ортосунда көпүрө түзүү болуп эсептелет. Долбоордун алкагындагы сурамжылоонун жыйынтыгында жергиликтүү жашоочулар салтуу медиада бизди кызыктырган, ойлондурган маселелер көтөрүлбөй жатат деген оюн айтышкан. Ошондой алардын көйгөйлөрү дагы чагылдырылбаганын кошумчалашкан. Мындан улам долбоорду уюштуруучулар эки тараптын ортосуна тыгыз байланыш түзүүнү каалашат:
“Жогоруда саналып өткөн маселелерди бизди аныктап гана койбостон эми тиешелүү органдарга өткөрүп беребиз. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мамлекеттик программаларга сунуш катары киргизилет анда чечүү жолдору каралмакчы.”
Белгилей кетсек аталган долбоорду Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Аны Густав Штреземанн атындагы институту(Германия), “Карылардын ресурстук борбору” (Кыргызстан) жана “XXI мууну” өнөктөштүгү аркылуу ишке ашырылат.
Айгерим Кубатбекова