Сокулук районунун Белек айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болуп өттү. Иш-чарага айыл тургундары катышып, жалган маалымат жана анын тийгизген таасири, сынчыл ой-жүгүртүү жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу маалымат ала алышты.
Белек айылында медиа сабаттуулукка арналган семинар болду
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Белек жамааттык мультимедиа борбору өткөрдү. Катышуучулар фейк маалыматтар жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясына байланыштуу ой-пикирлери менен төмөндөгүчө бөлүштү.
Айдай Аскарова
Айдай Аскарова: “Шайлоого барып, үй бүлөбүз менен катыштык. Негизи, айыл тургундарынын үнүн жеткирүү үчүн биринчи кезекте жергиликтүү кеңешти шайлап алуу керек эле. Элдин маселеси биринчи маанилүү болуш керек. Анткени, айыл ичинде чечилбей келген толгон маселе бар. Таза суу, жол маселеси, мектеп инфраструктурасын жакшыртуу керек. Референдум кабыл алынды. Эми бул маселелер чечилсе деп үмүт артып турам”.
Чынара Акчалова: “Шайлоого барып жарандык милдетимди аткардым. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоосу менен бирге Баш мыйзамдын жаңы редакциясы дагы референдумга коюлду. Ачыгын айтканда, Баш мыйзам менен таанышкан эмесмин. Себеби, маалыматты кайсы жерден алууну билген жокмун. Референдумдун текстин таанышпай туруп добуш берип койгонума кеч өкүнүп калдым. Бул келечекте кандай жагдайларга алып келет деп азыр бүдөмүк ойдо турам. Эми таанышып чыгышым керек”.
Исламбек Раимкулов
Исламбек Раимкулов: “Фейк маалыматтар боюнча абдан терс көз-караштамын. Мисалы, бир видео келет. Ага ишенип баштасак эле, артынан эле дагы бир маалымат чыгып, анын фейк экенин айтып жатат. Мисалы, көп учурда видеолорду Youtube каналдары аркылуу көрүп калабыз. Ал жердеги ой-пикирлерди дагы карайм. Анан анализ кылып ошого карата ишенем. Көп эле жалган маалыматтар болот. Ошол маалыматтар туурасында айыл эли менен сүйлөшүп, чын же жалган экенин сураштырабыз”.
Салтанат Сейдакунова
Салтанат Сейдакунова: “WhatsApp тиркемесине ар кандай видеолор келет. Мисалы, мага бир адамдын ооруп жатканы, ага жардам керек экени жөнүндө көп жолу видео билдирүү келген. Эки жумадан кийин эле, ошол ооруп жаткан адамдын каза болуп калганы жөнүндө видео көрдүм. Анан жакын арада эле, ошол каза болду деген адамдын ооруп жатканын, акчага муктаж экендиги тууралуу кайра дагы билдирүү алдым. Мен ошондо, адамдар жардам колун сунуп жатканда дагы ал адам тирүүбү же жашоодон өтүп кеткенин билбей эле кайрымдуулук кыла берет экенбизди түшүндүм”.
Касиет Кубанычбек кызы