Бүгүн Кочкор районудук китепканасындагы жарандык жана санариптик билим берүү борборунда Капар Кыдыралиев атындагы мектептин 11-классынын окуучулары үчүн “Кыргыз жараны, санариптештирүү жана шайлоо системасы” темасында окутуу өткөрүлдү.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын кызматкери Кубат Иманалиев окуттуу учурунда
Окуттууну Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкери Кубат Иманалиев өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга Кыргыз Республикасынын жараны катары алардын укуктары жана милдеттери кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле санариптештирүү доорунда ар бир жаран маалыматтык технологияларды туура колдонуп, коомдук турмушка активдүү катышуусу зарыл экени баса белгиленди.

Сабактын өзгөчө бөлүгү шайлоо системасына арналды. Окуучуларга шайлоонун түрлөрү, анын өтүү тартиби жана ар бир добуштун мааниси тууралуу маалыматтар берилди. Мындан тышкары, электрондук добуш берүү, биометрикалык катоо сыяктуу заманбап ыкмалар тууралуу да түшүндүрмө жүргүзүлдү.
Кубат Иманалиевдин айтканы боюнча мындай окуттуулар жумасына бир жолу болуп турганы маалым болду. Окуттууга окуучулар, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар дагы катышса болорун айтты.

Сабак учурунда окуучулар өздөрүнүн билген маалыматтары менен бөлүшүп, өз ойлорун эркин билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуучулар жарандык позицияны калыптандыруу, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоо жана шайлоого активдүү катышуу ар бир жарандын милдети экенин түшүнүштү.
Даярдаган: Канайым Мирланова