Токтогул районунда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин кадыр-баркын арттыруу максатында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» конкурстарынын райондук этабы жыйынтыкталды.

Токтогул шаарындагы №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин базасында райондук билим берүү кызматкерлеринин башын бириктирген чоң майрамдык иш-чара өттү. Салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А. Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев, мектеп жана бала бакча директорлору, ошондой эле педагогдор катышты.

Бул сынак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-декабрындагы №703 токтомунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде уюштурулду.

Тандоо бир нече баскыч менен жүрүп, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:
Мектептерден: Жалпы 48 мугалим катышып, анын ичинен 19у райондук этапка жолдомо алган. Бала бакчалардан: 8 тарбиячы өз өнөрлөрүн жана педагогикалык чеберчилигин көрсөтүштү.

Кылдаттык менен жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгында, ар бир предмет боюнча эң мыкты деп табылган 13 мугалим, 1 тарбиячы жана 1 музыкант областтык этапка жолдомо алышты.

Салтанаттын алкагында жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга төмөнкү сыйлыктар тапшырылды:
Райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары;
Райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары;

»Билим берүү — бул коомдун келечегине салынган эң чоң инвестиция. Бүгүн сыйлык алып жаткан мугалимдерибиз — биздин районубуздун гана эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы. Областтык этапта ийгиликтерди каалайбыз!» — деп белгиледи аким А. Тюкебаев өз куттуктоосунда.

Бул иш-чара мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө стимул берип, билим берүү тармагындагы жаңы инновациялык ыкмаларды жайылтууга чоң өбөлгө болду. Областтык баскычка өткөн жердештерибизге Токтогул районунун намысын татыктуу коргоосун каалайбыз.
Даярдаган: Азема Кудуева