Бүгүн Кыргызстандагы билим берүү кызматкерлеринин арасында өзгөчө маанай өкүм сүрүүдө. Өлкө тарыхында акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу мугалимдердин айлык акысы олуттуу деңгээлде жогорулап, алардын турмушунда жаңы барак ачылды.

Аймактардагы мектептерде педагогдор апрель айынын эмгек акысын кубаныч жана толкундануу менен кабыл алышууда. Көпчүлүк мугалимдер мындай өсүш эгемендик жылдарынан бери алгачкы ирет болуп жатканын белгилешет.
Тажрыйбалуу педагогдор жана мектеп жамааттары мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалап жатышат. Алардын айтымында, бул чечим мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы мектептин жамааты бул кадам үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. Алар муну жөн гана айлык акынын көбөйүшү эмес, мугалим эмгегине берилген жогорку баа катары баалашууда.

»Биз 30 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп, көптөгөн өзгөрүүлөрдү көрдүк. Бирок мынчалык деңгээлде айлыгыбыз көтөрүлүп, мугалимдин эмгегине реалдуу баа берилген учур болгон эмес. Бул биз үчүн күтүлбөгөн дем-күч болду,» — дешет аймактагы мугалимдер.

Жогорулатылган айлык акы мугалимдерге үй-бүлөлүк муктаждыктарын кенен камсыздоого шарт түзөт. Мындан ары педагогдор кошумча жумуш издөөнүн ордуна, негизги көңүлүн билим берүүнүн сапатына бура алышат.
Билим берүү бөлүмдөрүнүн маалыматына ылайык, мындай колдоодон кийин мектептерге жаш адистердин келүүсү күтүлүүдө. Адистердин айтымында, “көңүлү ток мугалимдин билими терең болот” деген принцип иш жүзүндө өз далилин табууда.
Бүгүн мугалимдердин жүзүндөгү жылмаюу бул эртеңки билимдүү жана өнүккөн Кыргызстандын пайдубалы.
Даярдаган: Азема Кудуева