Ак-Талаа районунда ветеринар кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип, аларды район акими Мирлан Камчыбеков, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Соодонбеков, райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Талант Токтогожоев, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлзина Нураева куттуктады.


Салтанаттын жүрүшүндө айрым кесип ээлерине Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, аялдар кеңешинин, ветеринария башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ардак грамота, ыраазычылык каттары жана төш белгилери тапшырылды.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова