Жазгы талаа иштери кызуу башталганы менен, сугат суунун жоктугу дыйкандарды түйшүккө салууда. Жер айдап бүткөндөр көп болсо да, суу жетпеген жерлерде себүү иштери токтоп турат.

Айылда жазгы талаа иштери жүрүп жатат. Көпчүлүк дыйкандар жерлерин айдап бүтүп калышты. Бирок быйыл суунун тартыштыгы жумушту бир топ кечеңдетүүдө.
Чолпон айыл тургуну Нурадил Чолпонкул уулунун айтуусунда, суу жетпеген жердин ээлери жер кургак болгондуктан, айдап-себүүгө шашылбай турушат. Алардын айтымында, кургак жерди айдагандан пайда жок, үрөн өнбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан, суу келгиче күтүүгө туура келүүдө.


Учурда дыйкандардын негизги тилеги — сугат суунун тез арада келиши. Суу жетиштүү болсо, калган жерлерди кыска убакытта иштетип бүтүрүүгө мүмкүн болот.
Даярдаган: Амина Жумабаева.