Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан улам жабыр тарткандарга жардам берип жаткандар арбын. “Баткенге жардам” аталышындагы акция өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында уланууда. Бул окуяга ыктыярчылык кылып жаткан Адинай Керимова 24 жашта. Ал кандай муктаждык болсо дагы чечүүнү каалап, кайдыгер карабаган жаштардын көп болгонуна кубанат.
“Эгерде мүмкүнчүлүк болуп калып Баткенге барабыз десе андан деле тартпай турган жаштарды көрө алдым.”
«Менде мурда башка жумуштарда түнкү сменге калбайм деген принцип бар болсо бул жолу ага карабай эле мекен үчүн жардамамды көрсөттүм.”
“Эгерде аналогия кылып салыштырчу болсок, сен 7 бир тууган болсоң алардын бирөөнү эле башкалар сабап салгандай сезимдер болот экен. Мекенден өткөн байлык жок экенине дагы бир жолу ынандым. Бул окуядан кийин, сездим менин ордум Кыргызстанда экенин. Биз жаштар чет өлкөгө кеткибиз келет ал жакта жашап калууну самайбыз. Албетте, бул жакшы нерсе бирок элибизден, жерибизден өткөн байлык жок экен. Анын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошушубуз керек. Өлкө ушундай кырдаалда турса инилерибизди, сиңдилерибизди ыйлатып, жарандарыбыздын өмүрүнөн айрылуусуна жол бербешибиз керек. Буга ар бирибиздин салымымыз керек деп эсептейм.”
“Алгач окуя тууралуу укканда түшүнүксүз болду. Үйлөрдүн кыйрап, адамдардын өлүп жатканын угуп бийликке ачууландык. Улам жакшы кабар күтүп отурганда чет элдик басылмалар урушту Кыргызстан баштаптыр деген маалыматтарды окуп алып. Жок ал биринчи баштаган жок! -коомчулук мындай туура эмес маалыматты укпашы керек деп ойлоп биздин маалымат булактары англис тилинде чыгарып жаткан маалыматтар менен бөлүшүп баштадык. Муну менен гана чектелүү болборун түшүнүп досторубуз менен бирге каражат чогултуп баштадык. Аскар деген кесиптешим бир күндүн ичинде 8200сом чогултту. ”
Адинай Керимова бул окуяга жаштар чагылгандай эле реакция кылганын айтат. “Баткенге жардам штабына” жардамдашууга барганда ал жактагы ыктыярчылардын көптүгү жана басымдуу бөлүгү жаштар болгону сүйүндүргөн:
“Биз штабга жардамдашалы деп барсак киши толтура. Бири керектүү оокаттарды таңгагтап жатса, экинчиси каттап отурат. Айтор, ар ким колунан келген жардамын көрсөтүп жатышыптыр, бул мени сүйүндүрдү. Биз болсо кандай иш кыларыбызды сураганда түнкү сменге киши керек болуп жатышканын айтышты. Менде мурда башка жумуштарда түнкү сменге калбайм деген принцип бар болсо бул жолу ага карабай эле жардамамды көрсөттүм.”
“Бул досторумдун жакшы тилектери менен чогулган каражаттары туулган күнүмө арналып. Муну Баткенге берүүнү чечтим. Негизи эле штаб кандай ачылса ошол замат эле жардам берүүнү каалаган, ыктыярчы болгонго даяр адамдар көп келип жатышты. Мындан улам биз Кыргызстан – ыктыярчылар өлкөсү деп айтсак деле жаңылышпайбыз. Элибиздин боорукер, мээримдүү жүрөгүнөн айланса болот.”
Айгерим Кубатбекова