Кыргызстанда Covid-19 илдетин жуктуруп алгандар күндѳн-күнгѳ күч алууда. Алардын арасынан каза болгондор жана айыгып кеткендер да бар.
Жети-Ѳгүз районуна караштуу Барскоон айыл аймагында бүгүнкү күндѳ Covid-19 илдетине чалдыккан эки адам катталган. Алар бир үй-бүлѳ мүчѳлѳрү.
Мындан тышкары бир айыл тургуну ѳпкѳ суук тийүү илдетинен жабыркап, учурда Каракол шаарында жатып дарыланууда.
«Үч бейтаптан башка бүгүнкү күндѳ айыл ичиндеги абал тынч. Баардык бейтаптарды санитардык эрежелерди сактоого чакырып жатабыз»,- дейт Барскоон үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун улуу мед айымы Айнагүл Эсеналиева.
«Ооруканага келген бейтаптарды санитардык-эпидемиялык эрежелерди сактоого чакырып жатабыз. Ооруканага бейтаптар анча деле кѳп келген жери жок. Ошондон улам айыл ичинде абал тынч деп эсептеп жатабыз. Азыр балдар арасында тамак оору жүрүп жатат. Алар деле аз санда. Эгерде Covid-19 илдети күч алып кете турган болсо биздин оорукана күндүзгү дарылоо үчүн жүз пайызга даярбыз.
Ал эми илдетти жуктуруп алган бейтаптар 14 күн үй шартыда карантинде болуусу зарыл. Ал учурда дарыгерлер тарабынан керектүү анализдер алынып текшерилип турат. Илдет бир үй-бүлѳнүн эки жашоочусунан чыккандыгына байланыштуу, үй-бүлѳ мүчѳлѳрү толугу менен карантинге алынды»,-дейт участкалык мед айым Айнура Кермахунова.
«Эки бейтап тең бир үйдѳ жашагандыктан үй-бүлѳ мүчѳлѳрү толугу менен карантинде. Алар менин жана дарыгердин кѳзѳмѳлүндѳ болуп турат. Эки күндѳ бир барып дене табын, кан басымын жана кандын айлануусун текшерип турам. Азыркы күндѳ абалдары жакшы. Эч кандай жѳтѳл, дене табынын кѳтѳрүлүүсү жок. Акыркы алган анализдери да таза чыкты. Негизинен бейтаптар 14 күн үй шартында карантинде болушат. Эки жума ѳткѳндѳн кийин акыркы анализдерин тапшырып таза чыкса жумушка чыга берүүгѳ уруксаат берилет»,-деп кошумчалады.
Айыл ичинде бүгүнкү күндѳ абал тынч. Айылга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүп жатат. Эгерде Covid-19 илдети жайыла баштаса айыл ичин дезинфекциялого да бардык шарттар түзүлгѳн.
Илдеттин күч алуу учурунда дарыгерлер бейтаптарды карап дарылоо үчүн атайын кийимдери, дары-дармектери да жетиштүү экенин билдиришти.
Учурда Тасмада эпидемиологиялык абал туруктуу
Гүлкайыр Осмоналиева