Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылынын жергиликтүү тургуну Бурул Майрамбек кызы кыргыз чаар тоогун багып, сейрек кездешкен улуттук тукумду сактоо аракетин көрүп келет. Анын бул иши улам барган сайын …
Ачык-коомчулук, ачык маалымат каражаттары долбоору сөз эркиндигин жана өз пикирин билдирүүнү илгерилетүү аркылуу адам укуктарын коргоону көздөйт. Учурда республика боюнча 3 аймакты тандап алышып андагы аялуу топтун актуалдуу маселелерин аныкташкан.
Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук мамилелерин токтотуу боюнча 16 күндүк акцияга карата Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинде айыл тургундарга элеттен чыккан аялдар жана кыздар тууралуу видео тасмалар көрсөтүлдү.
Элеттик айымдар үчүн шайлоого даярдык тууралуу түз эфир болуп өттү. Эфирдин коногу болуп, өлкөдөгү партиялардын биринин мүчөсү Азиз Курамаев катышты. Программа социалдык тармакта түз эфирге чыкты.