Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болду. Иш-чарага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар жана аларды аныктоо, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы, шайлоо учурундагы жалган маалыматтардын коомдук турмушка тийгизген таасирин талкууга алышты.
Жаңы-Жер айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болду.
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Жаңы-Жер жамааттык мультимедиа борбору жүзөгө ашырды.
Семинардан соң, катышуучулар фейк маалыматтар жана Баш мыйзам, шайлоо тууралуу ой-пикирлери менен төмөднөгүчө бөлүштү.
сүрөттө оң тарапта: Динара Абакова
Динара Абакова: “Сиздердин жолугушууда абдан пайдалуу маалымат ала алдым. Алардын бири Баш мыйзамдын өзгөрүүсү, шайлоонун жүрүшү, жалган маалыматтар жана алардын жашообузга тийгизген таасири тууралуу маалыматтар болду. Негизи, мен бул маалыматтар менен бардык жарандар камсыз болсо дейм. Анткени, Жаңы-Жер айылында көпчүлүк убактысын үй ичинде өткөргөн ата-апалар гезиттен маалымат алуу менен гана чектелип калышат. Бирок, гезиттен мындай кеңири маалымат ала албайбыз. Ошондуктан, ооруканалар, айыл өкмөттөрдө, мектептерде да ушундай маалыматтарды жеткирип, элдин аң-сезимин ойготсоңуздар демекчимин”.
Руслан Болотканов
Руслан Болотканов: “Мурда жаштар болобу, улуу муундун өкүлү болобу шайлоого барып, активдүү жарандык милдетибизди аткарбайт элек. Мен деле, менин добушум эмнени чечмек эле дечүмүн. Бирок, акыркы күндөрү өзүбүздүн добуш өлкөбүздүн келечегин чечет экен деген ойго келип калдым. Бул чогулуш айыл жергеси үчун абдан маанилүү. Медиа сабаттуулук, анын ичинде фейк маалыматтар, шайлоо жана Баш мыйзам тууралуу кеңири маалымат алдык”.
Салтанат Маматова
Салтанат Маматова: “Интернет булактарындагы жасалма аккаунт, фейк тууралуу эч кандай маалыматым жок эле. Маалыматтардын барына эле ишене берчүмүн. Бүгүнкү семинардан кийин ойлонуп калдым. Демек, биз колдонгон интернетте дагы жалган маалымат көп турбайбы. Ал эми шайлоо жөнүндө айтсам, бир шайлоого барып катышсам, бирине барып катышчу эмесмин. Шайлоодо менин добушум эмнени чечмек эле деп ойлочумун. Бул тренингден кийин атуулдук милдетимди так аткаруум керектигин ойлонуп калдым”.
Касиет Кубанычбек кызы
Маалыматка ишенүүдөн мурда, сынчыл ой-жүгүртүү зарыл