Коронавирус илдетинин башталганына бир жылдын жүзү болду. Бирок дагы деле оору күчүндө болуп жатат. Кыргызстан боюнча 29-марттан баштап, ооруга каршы эмдөө башталган. Суусамыр айылында да коронавируска каршы эмдөө башталды.
Бул тууралуу Суусамыр айылдык ооруканасынын врач ординатору Керемет Жакутбекова айтып берди.
«Азыркы убакта Суусамыр айылына Кытайдын Синофарм аттуу вакцинасы 400 даана жаңы келди. Ушул убактан баштап эмдөө башталды. Эмдөө үчүн ооруканада атайын бөлмө даярдалган. Азыркы учурда оорукана кызматкерлери эмдөөдөн өтүп жатышат.
Каалоочулар да келип вакцина менен эмделип жатат. Эч кандай терс жактары болгон жок. Бул вакцина башка ооруларга каршы сайылган вакциналардай эле алгандан кийин дене табы көтөрүлүшү алган жерде кызаруу пайда болушу менен коштолот. Көтөрүмдүлүүгү ар кимдин иммунитетине жараша болот.
Биринчи кезекте адамдардын ден-соолугу текшерилет. Эмдөөгө боло турган болсо гана дары сайылат. Кош бойлууларга, бала эмизгендерге, аллергиясы барларга жана 18 жашка чыга элек жаш балдарга эмдөөгө болбойт. 18 жаштан жогорку бардык каалочулар алса болот.
Андан тышкары, онкологиялык оорулууларга, нерв оорулары барларга, учурда сасык тумоо менен ооруп жатса да эмдөө алганга болбойт. Дары 21 күндөн кийин дагы кайталанып сайылат. Дары сайылгандан кийин адамдарды 30 мүнөткө чейин байкап көзөмөлдөйбүз. Вакцина алгандарга анкета толтурулат.
Экинчи өлчөмүн алгандан кийин адамдарга иммундук паспорт берилет. Бул адам ковидге каршы эмдөө алды дегенди билдирет. Эч кооптонбостон келип вакцина алыңыздар демекчимин. Вакцина алган адам ковид менен ооруп калышы да мүмкүн. Бирок бир жылга чейин деп вакцина сайылууда», -дейт дарыгер.
Азиза Тамчиева