Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка долбоор аркылуу жылуулук системасы орнотулуп, эки имаратты кошуп турган коридор курулду.
Фаптын азыркы көрүнүшү
Өткөн жылдагы бүткүл дүйнөнү каптаган пандемия учурунда мигранттардын жардамы менен ФАПтын жанына жаңы стационар салынган болчу. Бирок кыштын күнү ал стационарда жылуулук системасы жок болгондуктан суук болуп, бираз ыңгайсыздык жаралган.
Быйыл ООН Женщины жана Япония өлкөсүнүн каржылоосу менен жылуулук системасы орнотулуп, ФАП менен стационарды кошуп турган кошумча коридор курулду.
Бөлүнүп турган эки имаратты кошуп, жылуулук системасы орнотулган
Бул тууралуу маалыматты ООН Женщины менен көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан жана аталган долбоордун жетекчиси, айыл активисти Ажыбек Султанкулов билдирди:
Курулуш иштерин айыл өкмөтү көзөмөлдөп турган
«Бул долбоор пандемия учурунда айылга колдоо көрсөтүү максатында жазылган. Жалпы долбоордун суммасы 540 миң сомго жетип, анын 78миң сому айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары бөлүнгөн. Долбоордун негизинде «Кыргыз Котел» компаниясынын меши орнотулуп, жылуулук системасы коюлуп, эки имаратты кошкон коридор салынды. Курулуш жана орнотуу иштери айыл өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнүлүп, ишке ашты.
Корридордун ички көрүнүшү
Албетте, коридордун салынышы медайымдарга иштегенге жана бейтаптарга жакшы шарт түзүп берет. Кыштын күнү сыртка чыкпай иштегенге жана стационарды бейтаптар үчүн колдонууда жеңилдик болот.»
Кыргыз Котел фирмасынын меши орнотулган
Асель Уркунбаева