Нарын шаарында «Достук шаңы » фестивалы болуп өттү. Анда жаш курагы менен категориялар боюнча 7-9 жаш, 10-13жаш, 14-17 жаш деп бөлүнүшкөн. Ар бир номинациядан бирден жеңүүчүгө сертификат берилип, Республикалык турга катышууга ар бир номинациядан 6 жеңүүчү аныкталды. Сынакка Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучусу Бекзат Мажитов катышып, 1-орунду багындырды.
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 9-б классынын окуучусу Бекзат Мажитов: «Мен бул фестивалга эстрада жанры боюнча катышып статуетка жана диплом менен сыйландым. Сынакка «Бир тууганым» аталышындагы чыгарма менен катыштым. Мен бул конкурска 14-октябрдан баштап 18-октябрга чейин даярдандым».
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин музыка мугалими Мээрим Касымова: “Достук шаңы» фестивалы 2024-жылдын 18-октябрында Нарын шаарында өтүлдү. Конкурста тогуздук тандоо туру өтүп, жалпысынан алты жанр боюнча болду. Сынакка Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун окуучулары катышып, жаш курагы менен категорияларга бөлүнүштү. Негизи конкурстун шарты боюнча 7-9 жаш, 10-13жаш, 14-17 жаш деп бөлүнүшкөн. Ар бир номинациядан бирден жеңүүчүгө сертификат берилип, Республикалык турга катышууга 5-6номинациядан 6 жеңүүчү болду».
Нурпери Качкынбекова