Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тогуз-Торо районунун №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучуларына Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата аны түптөгөн улуу инсандар жана “Манас” эпосу” темасында ачык сабак өттү.
Аталган мектептин 9-класстын окуучусу Айгүл Имамаметова Сүйүнбек Касмамбетовдун сабагы таасирдүү болгонун айтты:
“Мага Сүйүнбек Касманбетовдун, бүгүнкү берген сабагы жакты, айрыкча агай жөнүндө айткан аңгемеси жана Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун тагдыры жөнүндө айткан окуясы жакты.
Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Жылдыз Молдобаева, мугалимдер, мектептин окуучулары катышууда
Zoom платформасы аркылуу өткөн сабакка билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев ошондой эле аймактардагы 100 мектептин окуучулары катышты.
Анара Мааметова