Ат-Башы районунун Ой-Терскен мектебинде Энелер майрамы белгиленди.
Майрамдык кечеде апалар, көп балалуу энелер, класс жетекчилер белектерин алышты
Энелер күнү май айынын акыркы жекшембисинде белгиленип, аталган мектепте үч жылдан бери салтанаттуу майрамдалып келет. Анда 9-11-класстын окуучуларынын апалары чакырылып, аларга белектер тапшырылат.
Конокторго майрамдык маанай тартууланып, чакан концерттик программа коюлду
Бул күн жылда ар кандай өзгөчөлүктөр менен өтүп тураарын, кеченин уюштуруучусу Гүланда Асанова белгилейт:
«Биз бул майрамды ата-энелер комитети менен биргеликте 3 жылдан бери өткөрүп келебиз. Ийгилик жараткан окуучулардын апаларынан тышкары, мектептеги Баатыр энелер сыйланып келчү. Ал эми быйыл өзгөчөлөнүп насаатчы мугалим эжелерди дагы чакырдык. Кеченин максаты — ата-энелер менен мектептин ортосундагы байланышты бекемдөө болуп саналат. Ар бир бала үчүн эненин орду баалуу экенин дагы бир жолу белгиленип, даңазаланды».
Ар бир бала апаларына колго жасаган белектерин тапшырды
Жалпы майрамга 34 окуучунун апалары чакырылып, келген конокторго уюштуруучулар тарабынан белектер берилип, грамота, ыраазычылык каттар тапшырылып, ленталар тагылды.
Белгилей кетсек, «Энелер күнүн» Кыргыз Республикасында белгилөө жарлыгы 2012-жылы алгачкы жолу чыгып, май айынын үчүнчү ишембисинде белгиленет
Дилназ Кадырова