Стив Жобстун китеби-келечек муундун китеби.
Apple компаниясынын негиздөөчүсү, компьютер дүйнөсүнүн падышасы Стив Жобс жөнүндөгү китеп боюнча ой бөлүшмөкчүмүн. Бул китеп келечектеги муунга талбас эмгек, эртеңки күндүн лидерлерин ар тараптуу, чечкиндүү жана эркин болууга шыктандырат.
Анда эмесе сөз «Fortune» журналы «Заманыбыздын улуу ишкери»- деп атаган Стив Жобстун өмүрү чыгармачылыгы жөнүндө болсун….
Стив 1955-жылы 24-февралда Калифорниядагы Сан-Франциско шаарында туулган. Анын ата-энеси аны багуудан баш тартышкан жана Стивди Паул жана Клара Жобстор багып алышкан. Бала чагы атасынын гаражында иштөө менен өткөн. Стив Лос-Альтос шаардагы мыкты мектепте окуган жана 12 жашында Hewlett Packard компаниясында иштеген. Ал жактан Вознияк аттуу жигит менен таанышкан жана ал жигит экөө чоң ийгиликтерди жаратышкан.
*Өзүн кызыккан нерсени жаса!
Ал мектептен кийин Орегондогу Рид коллежинде окуган бирок аны бүтпөстөн таштап салган. Мындан көп өтпөстөн Индияга кетип жана ал жактан руханий азыктануу жана медитация үчүн 7 ай жашаган. Кайрадан 1976-жылы Сан-Франциско шаарына келип, атасынын гаражында компьютерлерди жасай баштаган.
Стив негиздеген Apple компьютер компаниясы эң ийгиликтүү жана тарыхта эң тез өскөн компания деп 1983-жылы аталган. Бул компанияда жасалган компьютерлер жөнөкөй жана ар бир адам үчүн жеткиликтүү болгон.
* Башкача ойлон!
Стив башкача адам болгон. Анын башы дайыма жаңы идеаларга толуп турган. Ал 1986-жылы компьютердик анимациянын жаңы түрүн ойлоп таап ага «Pixar’s » деген ат берген. Ушул компанияда тартылган «Toy story » мультфильми эң популярдуу тасмага айланган
*Баары i !!!
Стив компьютер дүйнөсүн өзгөрткөндөй, музыка жана кино дүйнөсүн да i тамгасы аркылуу өзгөрткөн. Ал iMac ,iTunes, iPod,iPad, жана iPhone ду ойлоп тапкан.
Стив Жобс дайыма өзүнүн алдына максаттарды койгон жана аны ишке ашыруу менен рахат алып жашаган. Ал өмүрүнүн акырында да: «Мүрзөдө эң бай киши катары жатуу мен үчүн маанилуу эмес. Мен үчүн «эн сонун иш кылдык!» деген сөз менен уйкуга кетүү маанилүү» деген.
Асема Сүйүндүкова