Жыл аяктар алдында 2021-жылы кайсыл китептерге суроо талап жогору болуп көп окулганына кызыгып көрдүк. Бул жылы окурмандардын басымдуу бөлүгү кандай китептерди окушкан алдыда билсеңиз болот. Маалымат кыргыз тилдүү окурмандар арасында аныкталды.
“Данек” китеп дүнөнүнүн ээси Элла Зарылбекова жанры боюнча окурмандардын басымдуу бөлүгү эң көп мотивациялык андан кийин тарыхий жана адабий китептерге басым коюшарын айтат. Аталган китеп дүкөндө китептердин 80% кыргыз тилинде жана алар республика боюнча жеткирип берүү кызматтарын пайдаланышат:
“Данек” китеп дүкөнүндө бул жылы көп сатылган китептер ирети менен жайгаштырылды:
Мындан сырткары чет тилинен которулган котормо китептерге дагы окуучулар, студенттер тарабынан суроо талап жогоруу болот.
“ Book House” китеп дүкөнүнүндө дээрлик бардык жанрдагы китептер бар. Жаш балдарга, өспүрүмдөргө, ата-энелерге арналган, адабий, классика, бизнес багытындагы китептер кыргыз жана орус тилинде сатылат. Аталган китеп дүкөндүн PR менеджери Эркинбек Маметов бул жылкы статистиканы так чыга электигин белгилеп, ошентсе да төмөндөгү китептерге суроо талап жогору болгонун айтты:
Психолог: Ата-энелерге бул китептерди сунуштайт
Китеп окуп автоунаа утуп алган мугалим
Айгерим Кубатбекова