Кочкор районунун Чолпон айылындагы тойканасында энелер күнү белгиленди. Майрам айыл өкмөтү тарабынан уюшулду.
“Апалар күнү” – энелерге арналган эл аралык майрам. Эл аралык айымдар күнүнөн айырмаланып, бул күнү кош бойлуу айымдарды жана апаларды куттуктайбыз. Бул майрам түрдүү өлкөлөрдө түрдүү күндөрү тосушат. Көбүнчө май айынын экинчи жекшембисинде белгиленет. Кыргызстанда болсо май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленип келет.
Айыл өкмөт башчысы Эрнис Макишов иш чара башында апаларды куттуктап кетти: «Апалар сиздер үйдүн кутусуздар, төрдүн көркүсүздөр, сиздердин бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздерге кааларым узун өмүр, чын ден соолук дайыма үйдүн жарыгы болуп жүрө бериниздер. Сиздер бар кут, берек жана көптөгөн ийгиликтер бар. Мен ушундай күндө жолугуп жатканыма өтө кубанычтамын. Энелер дайыма жаркырап, кандай сонун керемет күндөрдү өткөрүп, балдарга мээрим төгүп, ар дайым үйдүн куту болуп жүрөсүздөр. Эне жок болсо береке, кут жок. Ошондуктан дайыма күлүп-жайнап, оорубай, майңдайыңыздар ачык болуп, ушундай сыйларга көп-көп татып жүрө бериңиздер».
Чолпон айылдык китепканасынын жетекчиси Динара Кадырова төмөндөгүлөргө токтолду: «20-май энелер күнү белгиленип келет. Чолпон айыл өкмөтүндө 120 баатыр эне статусун алган. Бүгүнкү иш чарга ошол баатыр энелерди чакырдык. Апа бар дүйнө жарык, апаларыбыз ар дайым аман болуп, көп жашасын!».
Чолпон айылынын жооптуу катчысы Алтынбек Боогачиев: «Бүгүн бизде энелер күнү өтүп жатат. Баатыр энелер 2012-жыл сайын май айынын үчүнчү жумасында белгиленип келет. Чолпон айылына 10 айыл карайт, дал ошол 10 айылдагы баатыр энелерди, эмгеги сиңген апаларды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, айыл өкмөтү, аялдар кенеши жана демөөрчүлөр менен биргеликте энелер күнүн белгилеп турабыз. Энелер бул жашоонун ачкычы. Энелер балдары кичинекей кезинде убайын тартып багат экен, чоңойгондо балдарынын урмат сыйын көрсүн деп айтмакчымын».
“Бейиш энелердин таманы астында” деп да бекеринен айтылбаса керек. Биздин ийгилигибизге чогуу кубанып, ар дайым “балам” деп бизди ойлоп жүргөн энекелерибиздин бүгүн майрамы болууда. Майрамга Чолпон айыл өкмөтүнө караган баардык айылдардын баатыр энелери чакырылды. Иш чарада ыр бийлер, каалоо тилектер тынымсыз айтылып апаларыбыздын күлкүсүнө күлкү кошулду.
Кусейин Марат уулу