Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде башталгыч классынын мугалимдери Айнура Сыдыкова жана Аида Калыкова тарабынан «Энелер » күнүнө карата «Эне үйдүн куту» аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Даярдоо «А» классынын окуучулары жана ата-энелери түзгөн «Келечек» тайпасы
Учурда балдардын көпчүлүгү уюлдук телефондорго кызыкчылыгы көп болгондуктан, өткөрүлгөн атаандаштыктын бирден бир максаты өсүп келе жаткан жаш муундарды спортко, китептерге кызыктыруу, коомдук иштерге активдүү катыштырып, өздөрүнүн ден соолуктарына пайда алып келүү болуп саналат. Мелдеште балдар өзүлөрүнүн жигердүүлүгүн мыкты деңгээлде көргөзө алышканын Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мугалими, мелдешти уюштуруучу Аида Калыкова айтып өттү:
«Бүгүн даярдоо «А» жана «Б» класстары ата-энелер менен биргеликте энелер күнүнө карата мелдеш өткөрүп жатабыз. Биз бүгүнкү иш-чарада балдардын спортко болгон кызыгуусун, активдүү катышкандыктарын көрүп турабыз. Уюштурулган иш-чаранын негизги максаттары бул-балдарды телефондон алыстатуу, өзүлөрүнүн ден соолуктарына кам көрүү болуп саналат.»
Даярдоо «Б» классынын окуучулары жана ата-энелери түзгөн «Ар намыс» тайпасы
Өткөрүлгөн майрамдык мелдештин катышуучусу Айзат Рахматова өткөрүлгөн мелдеш мектеп менен ата-энелердин байланышын чыңдайт дейт:
«Бүгүнкү спорттук мелдеш абдан жогорку деңгээлде өттү. Эки команда тең абдан активдүү катышышты. Апаларыбыз мектеп менен дайыма байланышта болсун деп дагы бүгүнкү таймаш өткөрүлүүдө. Биз абдан ыраазы болдук. Балдарыбыз да биз да ийгиликтерди жаратып отурабыз. Окуучулар да дилгирленип эстафетаны жакшы ойноп беришти».
Бүгүнкү өткөрүлгөн таймашта башталгыч классынын мугалими Аида Калыкова жетектеген даярдоо «Б» классынын «Ар намыс» тайпасы жеңишке ээ болду. Эки команданын апалары «Камкор эне» жана » Мээримдүү эне» номинациясын алышты. Окуучулар грамота жана кызыктуу белектер менен сыйланышты. Мындай сынактар коомчулук менен мектептин байланышын чыңдоо менен окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттырат.
Сезимай Эркегулова