Элет жергесинде жаз айлары менен бирге айдоо иштери башталды. Нарындын Оттук айылында аба ырайы суук болгондуктан жер айдоо быйыл кечирээк башталды. Айдоо иштеринде майдын баасы былтыркы жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттаган.
Оттук жана Казан-Куйган айылдарын Оттук суусу бөлүп турат. Оттук суусунан Оттук айылына жаңы канал ачылып, бирок ал толугу менен бүтө элек болгондуктан азыр суу Байдулу жайлоосунан келет.
Жер кургак аба ырайы суук болгонуна байланыштуу жер айдоо кеч башталды. Жаан чачындын аздыгынан чөп чыкпай жатканы тууралуу Руслан Чүмөдөев айтат:
«Жер быйыл кургак, аба ырайы суук жер айдоо кеч башталды. Айылда кайрак жерлер көп болгондуктан суу жетишсиз болуп чөп да жакшы чыкпай жатат. Ошондуктан жер айдоо азыраак, элдер суу жеткен жерлерге гана үрөн айдашты».
Оттук айылынын тургуну Саринжи Байганаев быйылкы жылы арпа үрөнүнүн жаңы түрүн айдаган. Былтыркы жылга караганда быйыл май 15 сомго кымбаттаганын айтат:
«Арпанын үрөндүлүгүн малдын тоютуна карап чөп катары алабыз. Быйыл «Кетман» үрөнүн алдык. Сапаты жакшы бийик чыгат жана малга да жакшы. Жер айдоодо акча каражат жагынан кыйналдык техникалардын тетиктери кымбат, май кымбат келди, үрөндү да кымбат алдык. Былтыр майдын литри 60 сомдон болсо, быйыл 75 сомдон сатып алдык».
Сабыркүл Ибраева кымбатчылыкка карабай бакчасына өсүмдүктөрдүн түрүн айдап келет.
«Уруктун баасы кымбаттады, бирок мен өзүмдүн өстүргөн гүлдөрүмдөн уруктарды алып, кайрадан айдап, ашканын урук сурагандарга берип турам. Сабиз, кызылча, кулпунай, карагат, картошка, ж.б өзүм эле айдап алып, бакчабыздан алам, базардан сатып албайм.
Картошканын эки түрүн айдадым. Бирөө кызыл, экинчиси пикассо картошкасын айдадым, жакшы чыгып берет деген ишеничтемин. Гүлдөр ачканда үзүп келип, вазага салып столго коюп коем жана 1-сентябрда балдарга терип берем. Күзүндө өсүмдүктөрдүн түшүмүн жакшы алам сабиз азыркыга чейин бар.»
Жазында элеттиктер ар кандай үрөндөрдүн, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн айдоо менен күзүндө түшүм алышат. Бирок жакшы түшүм алуу үчүн аба ырайы ыңгайлуу жана суу жетиштүү болуусу шарт.
Баяна Кадырбекова