Жыл сайын май айынын үчүнчү жумасында Кыргызстан боюнча «Энелер күнү» белгиленип келет. Кочкор айылында 2023-жылдын 21-майында «Улуттун келечеги энелердин колунда» аттуу » Таалай Курткаев» фонду тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чара өттү.
Салтанаттуу иш-чарага бардык Кочкор районундагы айыл өкмөттөрүнүн ардактуу энелердин катышуусунда майрам болду.
Эң алгачкы энелерибиз кызыл килемчеден өтүп Кочкор райондук Маданият үйүнө майрамдык концерт көргөнү салтанаттуу жүрүш менен басышты.
Бул жылы майрам өзгөчө шаң жана маанай менен коштолду. Бул маанайды энелерибизге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек кызы Жылдыз жана » Таалай Курткаев » фонду менен бирге уюштурулуп тартууланды. Иш-чара Кыргыз республикасынын Эл артисти Токтобек Асаналиевдин ырлары менен коштолуп, апаларыбыздын маанайы көтөрүлүлдү. Нарын мамлекеттик университетинин студенттери чакан спектакль көрсөтүштү.
Майрамдык иш-чараны Кочкор райондук «Шайыр апалар» фольклордук топ ыр менен коштоп беришти.
Энелерди Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Эрмекбай Омошев куттуктап, калоолорду айтып, грамоталарды тапшырды.
«Чебер эне», «Ууз эне», Даанышман эне», » Дарыгер эне», «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамдар берилди.
Иш-чаранын соңунда баардык энелерге гүл жана чакан белектер тапшырылды.
Мадина Жокенова