Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында район акими Манас Мураталиев, айыл өкмөт башчылары, айыл чарба тармагынын кызматкерлери жана дыйкандардын катышуусунда жыйын уюштурулду. Жыйында райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тойгонбай Молдобаев райондун агрардык 4 багыттуу программасы боюнча маалымат берди.
Анда талаачылыкты жандандыруу, мал-чарбасындагы асыл тукум жылкыларды көбөйтүү, жайыт жерлердин тоютту камдоо, ирригация иштебей турган суу каналдардын ишин жандандыруу тууралуу маселелерге токтолду. Мындан сырткары органикалык аймак статусун алууга болгон аракеттер тууралуу айтылды.
Аким Манас Мураталиев өсүмдүктөрдү, тоютту жана көчөттөрдү өстүрүүдө, талаачылык боюнча дыйкандарга үрөн менен камсыздоо жана өстүрүүдө агротехникалык ыкмаларды туура пайдалануу, суугат суусун иррационалдуу пайдалануу, түшүмдү жогорулатуу, асыл тукум жылкылардын санын көбөйтүү жаатында райондук агрардык багыты тынымсыз аракеттерди көрүү зарыл экендигин баса белгиледи.
Жыйындын соңунда катышуучулар үрөнчүлүк, жерди айдоо, күздүк түшүмүн туура сактоо, өз нугунда жыйноо, көчөттөрдү багуу сыяктуу суроолорго жооп алышты.
Анара Мааметова