Жаңы-Жер айылындагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейдин мугалими Узакбай Исмаилов аскерге даярдык сабагын өтүүнү жакшыртууда. Буга чейин лицейдин усулдук кеңешиндеги сунуштардын негизинде, аскерге чейинки даярдоо сабагын мындан ары күчөтүлгөн тартипте окутуу пландалган. Келечектеги мекен сакчылары аскердик талаптар, куралдуу күчтөрдүн мааниси жана түзүлүшү тууралуу аскерге чейинки даярдык сабагынан үйрөнүшү керек.
Буга чейин №43 кесиптик лицейинин окуучулары Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10 — ротасы менен жолугушуу өткөрүшкөн. Жакынкы арада уюштурула турган сынакка даярдануу максатында, ошондой эле аскерге чейинки даярдык сабагын өтүү үчүн жардам катарында ротанын өздүк курамы курал жана куралсыз саптык ыкмаларын лицей окуучулары үчүн көрсөтүшкөн.
Турсун Омуралиева