Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева жетектеген, Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы жана Эрулан Кокуловдор Тогуз-Торо районуна иш сапары менен келишти. Район акими Манас Мураталиев, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын, Арал айылындагы мектептин курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилер менен тааныштырышты. Эл өкүлдөрү күн сууктай электе курулуш иштерин тездетүүнү айтышты.
Андан соң БУУнун Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында райондогу 9 мектепте берилип жаткан бир маал ысык тамактын уюштурулушу, санитардык абалы текшерилип, депутаттар окуучуларга тамак берүүдө талаптарды сактоого чакырды.
Кыдыруунун соңунда райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аким Манас Мураталиев, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы райондун 5 айылдык кеңешинин айым депутаттары менен жолугушуу өттү. Жолугушууда жергиликтүү эл өкүлдөрү райондук маанидеги көйгөйлөргө токтолушту. Алар А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлердин иш тажрыйба борборун капиталдык ремонттон өткөрүү, райондогу дарыгер адистердин жоктугу көйгөй жаратып жатканына токтолушту.
Жолугушуунун соңунда эл өкүлдөрү саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө колдоо көрсөтөөрүн билдиришти.
Жогорку Кеңештин депутаттары Тогуз-Торо районунун билим берүү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерин октябрь айындагы кесиптик майрамы менен куттуктап, Ыраазычылык каттарын тапшырды.
Анара Мааметова