Забида Кулубаева Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Жыл мугалими 2023” сынагынын райондук, облустук турунун 1-орунду багындырган. Республикалык сынакка катышып жаткан Забида Кулубаевага Турцияга 25-октябрдан 1-ноябрга чейин эс алуу үчүн, ал эми “Жыл тарбиячысы 2023” Кубанычбек кызы Наргизага Ысык-Көлдүн “Кыргыз деңиз жээги” санаториясына алты күндүк жолдомону райондун акими Манас Мураталиев тапшырды.
Мындан сырткары Забида Кулубаева республикалык деңгээлде өткөрүлгөн сынакка катышып, “Жылдын мыкты мугалими-2023” деген наамга ээ болду.
Аким Манас Мураталиев: «Быйыл райондогу мугалимдерге дем — күч берүү максатында Жыл тарбиячысы 2023” Кубанычбек кызы Наргизага Ысык-Көлдүн “Кыргыз деңиз жээги” санаториясына алты күндүк жолдомо, 2023-2024-окуу жылдарында “Алтын сертификат” алган окуучуга, мугалимдерине 200 миң сом, мектебине 50 миң сом, директоруна 30 миң сом акча каражаты берилет», — деп билдирди.
Ошондой эле “Алтын тамга” артыкчылыктуу аттестатка ээ болгон окуучуларга жана мугалимдерине 50 миң сом. Республикалык олимпиададан алдыңкы орун алган окуучуларга жана мугалимине 100 миң сом шыктандыруу максатында тапшырылаарын кошумчалады.
Анара Мааметова