Ат-Башы районунун Ой-Терскен мектебинде Энелер майрамы белгиленди. Энелер күнү май айынын акыркы жекшембисинде белгиленип, аталган мектепте үч жылдан бери салтанаттуу майрамдалып келет. Анда 9-11-класстын окуучуларынын апалары чакырылып, аларга белектер тапшырылат. …
Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын класс жетекчиси Гүлүмкан Турганбаева республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 9 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Мыкты класс жетекчи-2023» сынагына катышып жогорку упайга ээ болду.
9-февралда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди. Иш-чараны аталган мектептин тарых сабагынын мугалимдери Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде уюштурган.
29-майда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму тарабынан уюштурулган жаратылышты коргоо багытында иш-чара өткөрүлдү.