9-февралда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди. Иш-чараны аталган мектептин тарых сабагынын мугалимдери Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде уюштурган.
Иш-чараны тарых сабагынын мугалимдери жана 9-класстын окуучулары уюштурган
Иш-чаранын негизги максаты — Ормон Ниязбек уулунун тарыхтагы орду, анын кылган иш-аракеттерин даңазалоо менен катар азыркы муунду патриоттуулукка, элин-жерин сүйүүгө, чечкиндүү, намыскөй болууга тарбиялоо экенин тарых сабагынын мугалими Ырыс Айдарова белгилейт:
«Биз бул иш-чарада Ормон хандын басып өткөн жолун, кылган ишин көргөзөлү дегенбиз. Анда Ормон ханды такка көтөрүп жатканын сахналаштырып окуучулар аткарышты, андан тышкары концерттик программа, викторина, дубалгазета, сүрөт сынагы уюштурулду. Негизинен окуучуларга илгери ханды такка кандай көтөрүшкөнүн чагылдырып, аларга тарыхта болгон маалыматтарды бердик».
Ормон ханды такка көтөрүү учуру көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды
Иш-чара концерттик программа менен коштолду
Жыйынтыгында катышкан окуучуларга грамоталар тапшырылды
Ормон Ниязбек уулу (1790-1854) – Кыргыз хандыгынын сарыбагыш уруусунан көтөрүлгөн ханы.
Элиза Канатова, Дилназ Кадырова, Асел Үркүнбаева