Сокулук районундагы мектептердин окуучулар арасындагы “Билге” билим таймашы Г.Капарова атындагы орто мектептин тарых мугалими Абдразак Казакбаевдин демилгеси менен И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде өткөрүлдү. Ар бир мектептен 4 окуучудан түзүлгөн бир топ катышты. Иш-чаранын максаты окуучулардын Кыргызстандын тарыхына болгон кызыгууларын, ой-жүгүртүүлөрүн арттыруу менен патриоттуулукка тарбиялоо.
Бул таймашта Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын “Мурас” тобу 1-орун ээледи жана мектеп жетекчиси Динара Султаналиева куттуктады:
“Саламатсыздарбы балдар, мен абдан кубанычтамын. Сиздер чоң иш-чарага катышып, мектептин наамын коргоп, “ Билге” билим таймашынан 1-даражадагы дипломго ээ болууңуздар менен өзүмдүн жана жалпы жамааттын атынан куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, окууну бүтүп жаткан окуучуларга ЖРТдан жогорку балл алышыңарга тилектешмин. Алдыда өткөрүлүүчү “Акыл ордонун” катышуучусу Луизага дагы да ийгилик болсун”,- деп сөзүн жыйынтыктады.
Окуучуларды коштоп, таймашка мектептин мугалимдери да барышкан. Алардын бири тарых мугалими Алия Исакова таймаштын абдан пайдалуу болгонун айтты:
“Окуучулар таймаштын жүрүшүндө кызыгына киришип, тапкычтыгы, шамдагайлыгы менен иштеп жатышты. Мындай билим таймаштар азыркы учурда эң актуалдуу болууда”.
Алдыңкы орунду ээлеген окуучулар ой-пикири менен бөлүштү:
Топ башчы Элдияр Исаков: «Топ башчы катары айтсам бул чоң жоопкерчилик экен. Биз курама командабыз менен бул таймашка мыкты даярданганбыз. Кандай сезимдер болсо да биз жеңүүчү аталдык. Уюштуруучуларга рахмат айтабыз».
Луиза Абдыкамилова: “Билге” таймашы жогорку деңгээлде өттү. Таймаш учурунда толкундандык жана коркуу сезимдери болду. Ошону менен бирге бизге чоң мотивация берди. “ Билимдүүгө дүйнө жарык” дегендей мен бул таймаштан кийин билимдин бизге канчалык керек экендигин тушүндүм. Бизди даярдаган мугалимибиз Берметкан эжейге ыраазычылык билдиребиз”.
Тилек Алмазбеков: “Таймаш абдан кызыктуу болду. Командалар абдан мыкты деңгээлде даярданып келиптир”.
Калыс Райканов: “Таймаш мага абдан жакты, абдан сонун экен. Суроолор да өтө кызыктуу болду. Көп команда катышты. Баарынын даярдыгы жакшы”.
Эскерте кетсек, таймашка жалпы 27 команда катышты. “ Билге” билим таймашы Сокулук районундагы мектептер арасында эки жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.
Берметкан Исабекова, Абай Айткулов, Раяна Доктурбаева