10- февралда Сокулук районундагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында шахмат боюнча 4 зонанын тандоо туру өткөрүлүп, ага райондогу 5 мектептин окуучулары катышты. Тандалып алынган окуучулар райондук шахмат турнирине катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Жалпы 5 командадан 25 окуучу жана күйөрмандар катышты.
Назира Сарбашева С.Абдылдаева атындагы орто мектебинин дене-тарбия мугалими:
“Бүгүн биздин мектептен 3 кыз ,2 эркек бала шахмат боюнча таймашка катышканы келдик. Былтыр да катышып 2-орунду алып кеткенбиз, быйыл да аракет кылабыз. Спорт ден-соолукка пайдалуу экенин билгендей, окуучуларга дене-тарбия сабагына кызыктырууларын ушундай мелдештерге катыштыруу аркылуу да кесибимди аркалап келатам. Азыркы мезгилде окуучулар таза абада оюндарды ойнобой телефон оюндарына көп ойношот. Мен ойлойм шахмат оюнун мындан да жандандырсак, окуучуларды көбүрөөк кызыктырсак”,-деди.
Турнир учурунда
Токтомурат Мантиев Б.Жамгырчинов атындагы орто мектебинин дене-тарбия мугалими:
“Тандоо туруна Сокулук районунун Б. Жамгырчинов атындагы орто мектебинин окуучулары да келген
Балдарды шахмат оюнуна алып келдик. Бул жогорку 4-зонадагы райондук дэңгээлдеги спартакиада Мамыралиев атындагы мектеп-гимнаясында өткөрүлүүдө. Жыл сайын бул иш-чараны балдардын ой-жүгүртүүсүн, шахматты ойноо дэңгээлин жогорулатуу үчүн өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү таандоо турунда Р.Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясы., Н.Рахманов, Б.Жамгырчинов атындагы, С.Абдылдаев атындагы жана Орок орто мектебинин окуучулары катышышты»,-деди.
Жогорку зонанын мектептеринин дене-тарбия мугалимдери
Бул турнирдин жеңүүчүлөрү балдар командасынан Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы 1- орунга,
Кыздар командасынан Б.Жамгырчинов атындагы орто мектеби 1-орунга ээ болду.
Р.Мамыралиев мектеп-гимназиясынын шахматчылары
Б. Жамгырчинов атындагы орто мектеби
Алия Исакова, Баястан Сагынбаев, Айпери Кыдыртоктоева