23-январь күнү Тобокел Дыйкановдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча кыздар жана балдар арасында кызыктуу, атаандаштыкка бай турнир болуп өттү.
Бул спорттук иш-чара Кочкор районунун мектептеринин курама командалары катышышты. Мелдешке командалар активдүү катышып, өздөрүнүн спорттук даярдыгын, ыкчамдыгын жана ынтымактуу оюн көрсөтө алышты.

Айрыкча кыздар арасында беттештер кызыктуу өтүп, оюнчулар так берүү, тосо коюу жана чабуул жасоо ыкмаларын мыкты деңгээлде аткарышты. Командалар акыркы упайга чейин күрөшүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Мелдештин жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар жеңүүчү жана байгелүү орундарга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана медалдар тапшырылып, активдүү катышкан бардык командаларга ыраазычылык билдирилди.
Кыздар арасында 1-орунду Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп алды, 2-орунга Капар Кыдыралиев атындагы мектеп ээ болду ал эми 3-орунга Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп татыктуу болушту.

2-орунду алган Капар Кыдыралиев атындагы мектептин кыздар командасы
Эркек балдар арасында 1- орунду Шапак Рысмендиев атындагы мектептин балдар командасы утуп кетишти, 2-орунга Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп ээ болду, 3-орунду Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп алды.

Оюн учуру
Тобокел Дыйканов — Ишенаалы Арабаев атындагы мектепте көп жылдар бою дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштеген, окуучуларды спортко тарбиялаган, өз ишине берилген агай болгон. Учурда анын балдары атасынын жаркын элесин түбөлүк сактоо максатында жыл сайын спорттук турнирлерди өткөрүп келишет. Бул иш-чара Тобокел Дыйкановдун мугалим катары коомго кошкон салымын дагы бир ирет далилдеп, анын ысымын спорт аркылуу унутпай сакталып келатканын көрсөтөт.
Аделина Туратбекова, Райана Советова