Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу, Данканай орто мектебинде “Билим-өчпөс шам чырак» аттуу жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушуу кечеге Нуржигит Кадырбеков, Кувейт университетинин мугалимдери жана студенттери, ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышты. Жолугушуунун максаты мектеп ичине чакан китепкана ачуу болду. Китепкананы айылдын тургуну, аталган мектептин бүтүрүүчүсү жана Эл аралык Кувейт университетинин студенти Сезимбек Болотказы уулу ата-энеси менен демөөрчүлүк кылып, китептер жана эмеректер менен каржылады.


«Окуучум Сезимбек Жолдощбеков, насаатчысы катары мага кайрылып, мектепке китеп алып берүү демилгесин көтөргөн. Бул демилге келечек муундун билимге болгон умтулуусун айгинелеген эң сонун идея катары дароо колдоого алдым. Мен бул жакшы саамалыкты толук колдоп, мектеп директору менен макулдашып, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн тиешелүү уруксаттарды алып бердим. Иш-чаранын уюштуруу иштерин толугу менен өз мойнума алып, билим берүү багытындагы бул саамалыкты ишке ашырууга аракет көрдүм.
Сезимбек алгачкы китепкананын пайдубалын түптөө максатында, мугалимдердин, окуучулардын жана айыл тургундарынын суроо-талабына ылайык, окуу жана тарбиялык мааниси жогору болгон баалуу китептерди алып келди. Бул китептер жаш муундун билим деңгээлин жогорулатууга, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө жана айыл тургундары үчүн пайдалуу руханий булак болору талашсыз. Иш-чарага коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков жана бир катар сыйлуу коноктор катышып, бул демилгеге өздөрүнүн жылуу пикирлерин билдиришти. Алар жаштардын билимге умтулуусун колдоого алып, мындай иш-аракеттер коомдун өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгилешти. Бул саамалыктын негизги демөөрчүлөрү Сезимбек өзү жана анын ата-энеси болуп, алар билимге болгон камкордугун иш жүзүндө көрсөтө алышты. Алардын бул колдоосу жаштар үчүн үлгү болуп, келечекте дагы ушундай пайдалуу иштердин уланышына түрткү берет деген ишеним бар» дейт мектептин мугалими жана уюштуруучусу Рысгүл Токтоназарова.


“Мен жөнөкөй эле айылдан чыккан студентмин, мектепти бүткөнүмө бир жыл болду. Азыркы учурда Эл аралык Кувейт университеттинде 1-курста окуймун. Китепкана ачып салым кошконумдун себеби, азыркы жаштарды китеп окуганга кызыктыруу менен миграция барууга бөгөт коюү. Китеп окуп, билим алып өз мекенибизде эле иштесек болорун окуучуларга айткым келет. Китепкананы ачууга ата-энем, досторум жакындан жардам берди. Бул китепкана айылдагы чоң окуу залына айланат деген ойдомун” деп билдирди Сезимбек Болотказы уулу.

Жыйынтыгында, бул иш-чара — билимге умтулган жаштардын, камкор ата-энелердин жана колдоочу коомчулуктун биримдигинин жемиши болуп, айылдык мектеп үчүн тарыхый мааниге ээ болду.

Даярдаган: Азема Кудуева