Сокулук районуна караштуу Кунтуу айыл өкмөтүнүн колдоосу менен Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебине заманбап 10 даана видеокөзөмөл камерасы орнотулду.

Камера орнотулган телевизор
Бул демилге билим берүү мекемесиндеги коопсуздукту камсыздоого, окуучулардын, мугалимдердин жана мектеп кызматкерлеринин коопсуз чөйрөдө билим алып, иштөөсүнө шарт түзүүгө багытталган. Орнотулган камералар мектептин кире беришине, коридорлорго жана коомдук маанидеги аймактарга жайгаштырылып, тартипти көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болуучу кооптуу жагдайлардын алдын алууга мүмкүндүк берет.
Камералардын орнотулушу — бул билим берүү тармагына көрсөтүлгөн камкордуктун жана жоопкерчиликтин айкын белгиси. Айыл өкмөтүнүн мындай колдоосу ата-энелердин ишенимин арттырып, мектептеги тартипти бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Видео көзөмөл боюнча окуучулардын ата-энелеринин дагы оюн билуу үчүн маек курдук.

Сабак учуру
“Мен Сыдыков Керим,4- класстын окуучусу Эсен Керималиевдин атасымын камералар боюнча маалымат бизге да жетип, жаңы жылдын алдында сүйүнүчтү кабар болду.Камералар коюлган биз үчүн чоң мааниге ээ себеби балдардын тартиби жана окуусу мугалимдердин сабак берүүсү жана башка бардык тартиптер далили менен көрө алабыз.Бул балдардын коопсуздугуна чоң таасирин тийгизет

Сабак учурунда
Мектеп администрациясы жана жергиликтүү бийликтин мындай кадамдарына ыраазыбыз ар дайым ийгилик каалайм.
Мектеп жамааты Кунтуу айыл өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, келечекте да билим берүү тармагында жемиштүү кызматташуу уланаарына ишеним артаарын билдирет.
Коопсуз билим берүү чөйрөсү — сапаттуу билимдин жана жаркын келечектин негизи.

Окуучулардын сабака катышуусу
Даярдаган: Аида Карыбекова, Раяна Бейшенбекова