26-сентябрда Нарын районунун Эки-Нарын айылында мугалимдердин кесиптик майрамына карата спорттук спартакиада өткөрүлдү.
Спартакиадага Дөбөлү өрөөнүндөгү 7 мектептин мугалимдер жамааттары катышып, спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты.
Мелдеште кол күрөш, аркан тартыш, тогуз коргоол, шахмат, волейбол жана футбол боюнча оюндар уюштурулду. Катышуучулар спорттук даярдыгын, шамдагайлыгын, чыдамкайлыгын жана командалык ынтымагын көрсөтүштү.
Жыйынтыгында жалпы оюндардын упайларынын негизинде мектептер арасында:
🥇 1-орун — Дүрбөлөң Мамбетов атындагы мектеп;
🥈 2-орун — Өмүр Токтосунов атындагы мектеп;
🥉 3-орун — Марат Кенжакунов атындагы мектеп.
Спартакиада мугалимдердин кесиптик майрамын спорттук маанайда белгилөөгө шарт түзүп, кесиптештердин ынтымагын бекемдөөгө жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталды.

Даярдаган: И.Мөндүрбаева