Тогуз-Торо районунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» жалпы улуттук руханий-маданий жүрүшүнө активдүү катышкан жарандарды сыйлоо аземи өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Биримдик кербенине» активдүү катышкан атчандарга жана жүрүштү уюштурууга көмөк көрсөткөн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Табылды Салимановго VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын республикалык уюштуруу комитетинин дипломдору жана «Нукура көчмөн» алтын медалдары тапшырылды.

Тогуз-Торо районунан жалпы 9 атчан «Биримдик кербенине» катышып, райондун атынан өкүлчүлүк кылышты. Алардын ичинен бир атчан кербен менен Кырчын жайлоосуна чейин барып, кайра кайтып келген.
«Биримдик кербени» кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын жана улуттук баалуулуктарын даңазалоого багытталган руханий-маданий иш-чара катары уюштурулган. Жүрүшкө катышкан Тогуз-Торо районунун атчандары улуттук салт-санааны жана ат маданиятын жайылтууга өз салымдарын кошушту.

«Биримдик кербенине» катышып, «Нукура көчмөн» алтын медалы менен сыйлангандар:
Салиманов Табылды;
Сейдакмат уулу Эркинбек;
Сатаров Жанабил;
Эмилбеков Улук;
Көкүмбаев Урстөм;
Садыков Чолпонбек;
Абдыкеримов Татыбек;
Райымбеков Бекболот;
Элеман уулу Таалайбек;
Дамир уулу Дөөлөтбек.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева