Сокулук районунда билим берүү тармагындагы эң маанилүү иш-чаралардын бири “Жылдын мыкты мугалими – 2026” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” сынактары жогорку деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Сынактын ачылышында Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев катышуучуларга дем берүүчү сөз сүйлөп, мугалимдик кесиптин коомдогу орду өзгөчө экенин белгиледи. Ал сынак ачык-айкын жана калыс өткөнүн, мындай иш-чаралар педагогдор үчүн чоң мотивация болорун айтты.
Финалдык этапка 20 мугалим жана 5 тарбиячы чыгып, беш баскычтан турган сыноодо күч сынашты. Катышуучулар портфолио жана видео сабактарын көрсөтүп, офлайн форматта сабак өтүштү. Мындан сырткары тестирлөөдөн өтүп, мастер-класс уюштуруп, жыйынтыктоочу этапта суроо-жооп форматында өз ойлорун билдиришти.
Сынак Сокулук районуна караштуу Манас айылындагы “Ат-Башы” жалпы билим берүү мектебинде өткөрүлдү.

Жыйынтыгында баш байге — гран-прини К.Карасаев атындагы мектептин физика мугалими Күлчоро кызы Света жеңип алды. Биринчи орун К.Шопоков атындагы №3 мектептин мугалими Бактыбаева Гулзатка ыйгарылды. Экинчи орунду Муса Жангазиев атындагы мектептин мугалими Артыкова Айпери ээлесе, үчүнчү орун Гульсина Капарова атындагы мектептин мугалими Карыбекова Аидага берилди.
Жеңүүчүлөр диплом, баалуу белектер жана Ташкент шаарына жолдомо менен сыйланышты. Бардык катышуучулар ардак грамоталарга ээ болушту.
Сынактын катышуучусу, үчүнчү орун ээси Карыбекова Аида бул таймашты чоң тажрыйба катары баалады. Анын айтымында, конкурс мугалимдер үчүн өзүн өнүктүрүүгө, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө жана кесиптик өсүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
“Бул сынак жөн гана таймаш эмес, чоң тажрыйба мектеби болду. Ар бир этап өзгөчө даярдыкты талап кылып, мугалим катары өнүгүүгө түрткү берди”, — деди ал.

Анын белгилешинче, офлайн сабак өтүү жана мастер-класс этаптары эң эсте каларлык болгон. Ошондой эле ал ийгилигине жетишүүдө үй-бүлөсүнүн жана мектеп жамаатынын колдоосу чоң роль ойногонун кошумчалады.
Бул сынак мугалимдердин эмгегин баалоо менен гана чектелбестен, билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбаларды жайылтууга өбөлгө түздү.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Бейшенбекова Раяна