Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебине коңшу өлкө Өзбекстандан келген цирк конок болуп келди. Учурда бул чыгармачыл топ Кыргызстандын бир катар аймактарын кыдырып, айыл тургундарына жана өзгөчө балдарга көтөрүңкү маанай тартуулоодо.

Цирктин администрациясынын өкүлү А. Каримжановдун айтымында, чыгармачыл топ бир жумадан бери Нарын облусунда гастролдо жүрөт:
«Биз Ат-Башы, Ак-Талаа райондорундагы бир нече айылдарда болуп, көрүүчүлөргө кызыктуу программаларды тартууладык. Азыр Кочкор районундабыз. Негизги максатыбыз — балдардын жүзүнө кубаныч тартуулоо. Дагы бир жума аймактарды кыдырып, андан соң мекенибизге кайтабыз», — деди ал.

Цирк программасы ар кандай кызыктуу номерлер менен коштолуп, өзгөчө жаш көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду.