Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 18 орто мектепте 49 англис тил мугалими эмгектенет. Учурдун талабына ылайык КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна жана”Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатында “Англис тилинин бир айлыгы” жарыяланды. Райондогу билим берүүчү бардык орто мектептерде 7-февралда англис тили боюнча бир айлыктын ачылыш иш чарасы болуп, андан бери бир катар иш-чаралар уюштурулууда.
Тактап айтканда, түзүлгөн иш-планга ылайык англис тилинде ар кандай ачык сабактар өтүлүп жатат. Мындан сырткары дубал гезиттер, кол жазмалар сынагы жана америкалык, англиялык акындардын ырларынан көркөм окуу-поэзия кечеси өткөрүлөт.
Билим берүү бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда ар бир мектептердин көрүнүктүү жерлерине “Англис тилинин бир айлыгын” даңазалаган ураан- чакырыктар илинди, бурчтар уюштурулду, видеороликтер көрсөтүлүүдө. “Англис тилинин бир айлыгы” боюнча иш планга ылайык иштер жүргүзүлө бермекчи.
Барчын Мамытбекова