Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын класс жетекчиси Гүлүмкан Турганбаева республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 9 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Мыкты класс жетекчи-2023» сынагына катышып жогорку упайга ээ болду.
Гүлүмкан Турганбаева сыйлыкты алуу аземинде
Сынакка республиканын 7 дубанынан 111 класс жетекчи катышкан. Гүлүмкан Турганбаева сынак тууралуу угуп, анын жобосу менен таанышып, катышууну чечкенин айтты: «Сынак алты этаптан туруп анын негизинде педогогикалык тестирлөөдөн өттүк жана акыркы тапшырмабызга ылайык «Жоомарттык» деген теманы тандап алып ага карата окуучуларым менен бирге видео сабак тарттым. Ар бир берилген тесттен өткөн соң интернет булактарынан маалыматтарды карап, анализдеп билбеген нерселерди билип алдым. Бул конкурска өзүмдү өнүктүрүү, өстүрүү, билбегенимди үйрөнүү максатта катыштым. Бул сынакка катышуу менен өзүмдүн билим куржунумду толтура алдым десем болот.»
Сынакка жалпы 111 мугалим катышса, Гүлүмкан Турганбаева 9 орунду камсыздаган
Мугалимдер үчүн флешмоб уюштурулган
Сынактын жыйынтыгы чыккан соң 24- март күнү сыйлоо аземи Бишкек шаарында «Сейтек» окуу борборунда болуп өткөн. Сыйлыкка Гүлүмкан Турганбаева да татып, республикалык «Мугалим» илимий- педагогикалык журналынын ардак грамотасы, «Мугалим» төш белгиси жана күбөлүгү, «Кыргызстан педогогикалык коомунун» ардак грамотасы менен сыйланган. Андан сырткары флешмоб өткөрүлүп, Гапар Айтиев атындагы музейде экскурсия өткөрүлгөн.
Эске салсак, Гүлүмкан Турганбаева буга чейин да көптөгөн райондук, областтык жана республикалык сыйлыктардын ээси болгон.
Айназик Асылбек кызы